Бөлүмдөр
Жума, 22-март
Ош облусуКара-Суу району 13.03.2019 08:39

Ошто Ноорузга карата ат оюндары боюнча мелдеш өтөт

Turmush -  Ош облусунун Кара-Суу районунда 21-март — Нооруз майрамына карата улуттук ат оюндары боюнча мелдештер өтөт. Бул тууралуу облустук дене тарбия жана спорт башкармалыгынан билдиришти.

15-марттан 21-мартка чейин Кара-Суу районундагы Төлөйкөн айылындагы ат майданда улуттук ат оюндары уюштурулат. Мелдештер ат чабыш, көк бөрү жана эр эӊиш боюнча өткөрүлөт. Иш-чаранын негизги максаты — ат чабыш, көк бөрү, эр эӊиш оюндарынын маданиятын эл аралык деңгээлге алып чыгууга жана өлкөнүн бардык аймактарында өнүктүрүүгө шарт түзүү, IV Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына даярдык көрүү жана мыкты спортчуларды тандоо.

Ошондой эле мелдеш республиканын аймактарында улуттук ат оюндарын кеңири жайылтуу, оюндар аркылуу эл арасындагы ынтымакты бекемдөө жана чыңдоону максат кылат.

Мелдештер 15-мартта саат 10:00дө башталат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Какой банк Вы считаете лучшим в Кыргызстане?
«Бакай Банк»
36.97% (329)
«РСК Банк»
35.39% (315)
«Капитал Банк»
9.78% (87)
...
Всего голосов: 890
×