Бөлүмдөр
Бейшемби, 20-июнь
Ош облусуАлай району 17.03.2019 11:28 На русском

Айыл турмушу: Сыргак Мырзакаримовдун окуучулары «Манас» эпосунан миңден ашык сап айтышат (сүрөт, видео)

Turmush -  Алай районунун Корул айылындагы балдардын чыгармачылык борборунда эмгектенген Сыргак Мырзакаримов жаш балдарга «Манас» айтууну үйрөтөт. Андан тышкары өзү дагы «Манас», дастан айтып, ар кандай сынактарга катышып келет. Сыргак мырза «Улуу мурас» фондун негиздеп, түштүк аймактагы жаш манасчыларды тарбиялоону колго алган. Аны менен аймактык кабарчы таанышты.

Өзүнүн айтымында, ал мектепте 1-класста окуп жүргөндө «Манас» айтып баштаган.

«Башка облустарда «Манас» айтуучулардын саны аз болсо дагы, аларга жетиштүү деңгээлде көңүл бурулбай келет. Аксакал манасчылардын кеңеши менен "Улуу мурас" фондун түптөдүк. Учурда документтерин бүтүрүп жатабыз. Жетишкендиктер катары фонд тарабынан жыл сайын уюштурулуп турчу "Манас" айтуучулардын мелдешин айта алабыз», - деди Сыргак мырза.

Ал шакирттерине дастан, «Манас» айтууда сөздөрдү китептен жаттатып, окуяларды элестетип айтууну үйрөтөт. Окуучулары сынактарга дагы катышып жүрүшөт. 4-класстын окуучулары Кымбатбек жана Каныбек облустар аралык «Манас» айтуу боюнча мелдештерде алдыңкы орундарды багынтышкан. Сыргак мырза окуучулары «Манас» эпосунан 1 миңден ашык сап айты бере аларын белгиледи.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×