Бөлүмдөр
Жума, 22-март
Ош облусу, Ош 13.03.2019 17:09

Аткарылбаган убада: Ошто 2 мектептин окуучулары бир имаратты бөлүп окушат (сүрөт, видео)

Turmush -  Ош шаарындагы №29 М.И.Калинин атындагы орто мектебинде №23 И.В.Панфилов атындагы мектептин 800дөн ашуун окуучусу дагы билим алууга мажбур. Аларга М.И.Калинин орто мектебинин бир бөлүгү берилген. Бирок класстык бөлмөлөр жетишсиз болгондуктан окуучулар 3 нөөмөт менен окуп жатышат. Ата-энелер аталган мектепте окуучуларга жана мугалимдер үчүн тийиштүү шарттар түзүлбөгөндүгүн айтып жатышат. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

2016-жылы И.Раззаков атындагы орто мектебинин имараты авариялык абалда деп табылгандан кийин, ал мектептин 2 500 окуучусу И.В.Панфилов атындагы орто мектебине көчүрүлгөн. Ал эми И.В. Панфиловдун окуучуларын №29 М.И.Калинин мектебине көчүрүшкөн. М.И.Калинин мектеби 1050 окуучуга ылайыкталып курулган. Бирок учурда ал жерде 2 мектептин окуучулары биригип, жалпысынан 1 500дөн ашык окуучу билим алат. И.В.Панфилов мектебинде окуган окуучулардын ата-энелери М.И.Калинин мектеби балдары үчүн алыс болуп, бир топ ыңгайсыздыктарды жаратып жаткандыгын белгилешти.

« М.И.Калинин мектебинде окуган 3 неберем бар. 3 жылдан бери күн сайын балдар менен чогуу мектепке келебиз. Өздөрүн жөнөтүп, өздөрү келсин десек жол алыс. Коомдук унаалар албайт. Жолдо эмне болуп кетет деп коркот экенсиң. Мага окшогон 30дан ашык ата-эне бар. Кеңеш, Сүрөт-Таш, Нариман айылдарынан келген окуучулар дагы көп. Кышында балдарды караңгыда алып келип, кечинде алып кетебиз. Мектепте шарт жок. Спорт зал жок, ажаткана алыс, сырттагы балдар ойной турган аянтчанын абалы начар», - деди атын атагысы келбеген ата-энелердин бири.

И.В.Панфилов орто мектебинин директору Адина Мирзабаева айтылган дооматтар боюнча жооп берүүдөн баш тартты.

«Менин башым ооруп, кан басымым жогорулап жатат. Бул маселе боюнча силердин сурооңорго жооп бербейм», - деди ал.

Ал эми М.И.Калинин орто мектебинин социалдык педагогу Гүлчехра Мирзахмедова дагы мектепте шарт жок экендигин айтты.

«Бул мектепке (М.И.Калинин) 2016-жылы көчүп келгенбиз. Черемушка кичи районундагы И.Раззаков орто мектебинин имараты авариялык абалда деп табылган соң, ал жердеги окуучулар биздин мектепке (И.В.Панфилов) көчүрүлгөн. Бизди болсо 719 окуучу менен М.И.Калинин мектебине алып келишкен. "Бир жылдан кийин кайра мектебиңерге барасыңар" деп айтышкан. Андан бери 3 жыл өттү. Учурда Панфилов мектебинин окуучуларынын саны 800дөн ашты. Алар бизге бөлүнгөн класстык бөлмөлөргө батпай жатышат. Башталгыч класстын окуучуларын 3 нөөмөт менен окутканга мажбурбуз. Сабактар эртең менен саат 8:00дө башталат. Өрт коопсуздугу дагы каралган эмес. Окуучулар бир эшиктен кирип, бир эшиктен чыгышат. Кышында класстык бөлмөлөр суук болду. Мектепке чейинки даярдоо класстарында окуган балдарыбыз бар. Спорт зал жок. Түштөнүү убагында окуучулар ашканага батпай калышат. Ал жерде отургучтар жетишсиз. "И.Раззаков мектебинде оңдоп-түзөө иштери бүтсө эле өзүнөрдүн мектебиңерге көчөсүңөр" деп жатышат», - деди Гүлчехра Мирзахмедова.

М.И.Калинин мектебинин директору Минавар Турсунова болсо мектептин кейиштүү абалын оңдоп, көйгөйлөрдү чечүү үчүн каражат керектигин айтып жатат.

«Мектепти капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөрүү керек. Ал 1975-жылы курулган. Ата-энелердин жардамы менен башталгыч класстын окуучулары окуган бөлмөлөрдүн терезелерин желим айнектерге алмаштырганбыз. Ата-энелер сыналгы, эшиктерди жаңылаганга каражат жагынан жардам беришет. Колубуздан келишинче аракет кылып жатабыз, бирок баары каражат маселесине такалып жатат. Шаардык өзгөчө кырдаалдар жана архитектура башкармалыктарына кайрылгам. Азырынча көтөрүлгөн маселелер чечиле элек», - деди ал.

Ош шаардык билим берүү башкармалыгынын башкы адиси Акжол Абдыкалыковдун айтымында, 2019-жылы И.Раззаков мектебинде курулуш иштери бүтүп, пайдаланууга берилмек. Бирок мамлекет тарабынан каражат бөлүнбөгөндүктөн, аталган мектеп 6 жылдан бери бүтпөй жатканын айтты.

«Азыркы кыйынчылыктар убактылуу эле. Эгерде И.Раззаков атындагы мектептин курулуш иштери бүтсө, окуучуларды өздөрүнүн мектебине көчүрөбүз. Кайсы жылы бүтөрү жөнүндө так маалымат жок. Өкмөт тараптан акча каражаты бөлүнгөн деп айтылып жатат. Мектептин ичиндеги курулуш иштери жана жылытуу системасын орнотуу калган. Каражат бөлүнгөндө курулуш иштерин кайра баштайбыз. И.В.Панфилов мектебине көчүп барган И.Раззаков мектебинин директору Светлана Карапушкина ал мектептин (И.В.Панфилов) абалын азыр жакшы кылып оңдоп алды. Жылытуу системасын толугу менен жаңылады», - дейт шаардык билим берүү башкармалыгынын башкы адиси.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Какой банк Вы считаете лучшим в Кыргызстане?
«Бакай Банк»
36.97% (329)
«РСК Банк»
35.39% (315)
«Капитал Банк»
9.78% (87)
...
Всего голосов: 890
×