Бөлүмдөр
Жума, 22-март
Ош облусуНоокат району 14.03.2019 22:30

Айыл турмушу: 2 алтын курдун ээси Жалил Султанов улак тартышта эсепсиз мал жана 30дай унаа уткан (сүрөт)

Turmush -  Ноокат районунун Бел-Өрүк айылынын тургуну Жалил Султанов Ош облусундагы мыкты улакчылардын бири. Ал бала кезинен бери улак тартып жүрүп, 30га жакын унаа утканын айтты. Аны менен аймактык кабарчы таанышты.

Өзүнүн айтымында, ал атасы балбан жана улакчы болгондуктан, жаш кезинен эле ат жалында чоңойгон.

«Атам менен чогуу улак тартыштарга барганда, атам "эркек деген ушундай болот" деп улакчыларды көрсөтчү. 7-8-классымда улак тартышка аралашып баштагам. Жыгылып калсам атам көрүп калбасын деп намыстанып, тез туруп кетчүмүн. 8-класста окуп жүргөндө алгачкы байгем катары 1 кой уткам. 41 жашка толгончо эсепсиз төө, тайларды, 30дай унаа утуптурмун. Жеңген байгелердин айрымдарын сатып салам. Кээ бирлерин белекке берем. Эки алтын курдун ээсимин. Өзүм дагы алтынчы кыздуу болгондон кийин чоң улак тартыш өткөрүп, элдин батасын алгандан соң уулду болгом», - дейт Жалил мырза.

Анын улак тартышка катыша турган аттарын 78 жаштагы атасы таптап берет. Учурда 2 аты бар. Аларды оюнга 2 ай калганда суутуп башташат. Өзү дагы спорт менен машыгып, витаминге бай тамак-аштарды жеп турат.

«Улак тартыш боюнча Өзбекстан, Тажикстан, Казакстан өлкөлөрүнө чейин барып, ал жактын сыйын көрүп, тажрыйба алмашып келгенбиз. Ар ким өз жеринде күчтүү болорун байкадым. Улак тартышта негизинен күч талап кылынганы менен, акылды дагы иштетиш керек. Ойноп жатып, муляжды каякка, кантип алып чыгып кетишиңди тез ойлонушуң кажет. Кичи жаракаттарды эсептебегенде бир жолу колум чыгып, кайра бир айда калыбына келген», - деди улакчы мырза.

Ал учурда 41 жашта. 6 кыз, 1 уулдун атасы.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Какой банк Вы считаете лучшим в Кыргызстане?
«Бакай Банк»
36.97% (329)
«РСК Банк»
35.39% (315)
«Капитал Банк»
9.78% (87)
...
Всего голосов: 890
×