Бөлүмдөр
Жума, 22-март
Ош облусу, Ош 13.03.2019 17:03

Оштогу бокс боюнча универсиаданын жеңүүчүлөрү республикалык мелдешке жолдомо алышты (сүрөт)

Turmush -  Бүгүн, 13-мартта Ош шаарынын жогорку окуу жайларынын студенттери арасында өткөн бокс боюнча универсиада жыйынтыкталды. Бул тууралуу AIBA бүткүл дүйнөлүк бокс сүйүүчүлөр ассоциациясынын эл аралык даражадагы калысы Турдалы Оморов билдирди.

Маалыматка караганда, 11-март күнү башталган универсиадага Ош шаарындагы 5 окуу жайдан 100гө жакын мушкер катышып, алар 52 кг салмактан жогору 8 категорияда күч сынашты. Мелдештин жыйынтыгында 1-орунду Ош мамлекеттик университетинин студенттери, 2-орунду Кыргыз-Өзбек университетинин студенттери жана 3-орунду Ош педагогикалык гуманитардык институтунун студенттери ээлешти.

Андан тышкары ОшМУнун Педагогика жана дене тарбия факультетинин 1-курсунун студенти Сабырбек Талантбек уулуна «Эң мыкты мушкер» наамы берилсе, «Жеңишке болгон эрктүүлүгү» сыйлыгы ОшМУнун Кыргыз-Европа факультетинин 1-курсунун студенти Илгиз Жанызаковго тапшырылды. «Эң мыкты калыс» наамы улуттук даражадагы калыс Турдалы Сыдыковго ыйгарылып, Турдалы Оморов «Эң мыкты машыктыруучу» аталды.

Мелдештин жеңүүчүлөрү 2-6-апрель күндөрү Бишкекте өтүүчү республикалык универсиадага жолдомо алышты. Жогорку окуу жайлар арасындагы бокс боюнча республикалык универсиадага Ош мамлекеттик университетинин жана Кыргыз-Өзбек университетинин командалары барышат. Республикалык универсиаданы жеңген студенттер дүйнөлүк жогорку окуу жайлардын студенттери арасындагы бокс боюнча мелдешке жолдомо алышат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Какой банк Вы считаете лучшим в Кыргызстане?
«Бакай Банк»
36.97% (329)
«РСК Банк»
35.39% (315)
«Капитал Банк»
9.78% (87)
...
Всего голосов: 890
×