Бөлүмдөр
Бейшемби, 23-май
Ош облусуАраван району 13.03.2019 17:35

Араванда жер-жемиштер быша баштады (сүрөт, видео)

Turmush -  Араван районунда чамгыр (редиска), капуста, пияз сыяктуу жер-жемиштер быша баштаганын аймактык кабарчы билдирди.

Дыйкандардын бири — Чеке-Абад айылынын тургуну Толкун Артыков 80 сотых жерин январдын аягында даярдап, февраль айынын башында жер-жемиш эккен. Ал жер-жемиштерди эгүү иштери өткөн жылга салыштырмалуу быйыл эрте башталганын айтты.

«Биз бир жылда 2 жолу түшүм алабыз. Жер-жемиштердин уругу күнөсканада сакталып, ошол жерден жетилет. Кар кетери менен жер айдалып, көчөттөрү отургузулат. 40 сотых жериме чамгыр (редиска), 40 сотых жерге пияз жана капуста айдагам. Алар бышса болгар калемпирин жана помидор эгебиз. Учурда чамгыр бышып калгандыктан аны жулуп, сатыкка чыгарабыз. Ордуна дарбыз, коон эгилет», - дейт Толкун Артыков.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×