Бөлүмдөр
Бейшемби, 23-май
Ош облусу, Ош 14.03.2019 12:40

Оштогу арыктан мыйзамсыз сакталган курал табылды (сүрөт)

Turmush -  Ош шаарында мыйзамсыз ок атуучу куралды сактап жүргөн жаран аныкталып, куралы алынды. Бул тууралуу Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, Ош ШИИБдин криминалдык милиция кызматына Ош шаарынын тургуну мыйзамсыз ок атуучу курал сактап жүргөндүгү тууралуу маалымат келип түшкөн. Укук коргоо кызматкерлери мыйзамсыз сакталып жаткан ок атуучу курал боюнча тиешелүү иш-чараларды жүргүзүшүп, «КО 91/30 М» үлгүсүндөгү сайлуу ок атуучу куралды жана анын ээсин аныкташкан.

Текшерүү учурунда куралдын ээси аны арыкка ыргытып жибергендигин билдирген. Ош ШИИБдин криминалдык милиция кызматынын кызматкерлери тарабынан аталган курал Кара-Суу районунун Фуркат айылындагы мал базардын жанынан, арыктын ичинен табылган. Бул окуя Кылмыш-жаза кодексинин 253-беренесинин (мыйзамсыз курал сактоо) негизинде Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган.

Учурда аталган факт боюнча Ош ШИИБ тарабынан териштирүү иштери жүргүзүлүп жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×