Бөлүмдөр
Жума, 26-апрель
Ош облусу, Озгон 15.03.2019 12:38

Өзгөн шаарынын мэри кызматтан кетүү боюнча арыз жазды (сүрөт)

Turmush -  Ош облусунун Өзгөн шаарынын мэри Саипжан Пратов кызматынан кетүү жөнүндө арыз жазды. Бул тууралуу Өзгөн шаардык кеңешинин төрагасы Азамжан Жалилов билдирди.

Анын айтымында, бүгүн, 15-март күнү С.Пратов премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевге ээлеген кызматынан кетүү боюнча арызын жазган.

Саипжан Пратовго 2017-жылдын июль айында 1 сотых жерди мыйзамсыз саткандыгы боюнча кылмыш иши козголгон. Анын иши учурда региондор аралык сотто каралып жатат. Кызматынан кетүү жөнүндө арыз жазганын С.Пратов өзү дагы тастыктады.

С.Пратовго кылмыш иши козголгондон кийин ал убактылуу кызматынан четтетилген. Учурда Өзгөн шаарынын мэринин милдетин вице-мэр Рахман Атажанов аткарып жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×