Бөлүмдөр
Шейшемби, 18-июнь
Ош облусу, Ош 15.03.2019 16:52 На русском

Көк бөрүдө кыйылган өмүр, жаракат алган улакчылар… Видео

Иллюстрациялык сүрөт
Иллюстрациялык сүрөт

Turmush -  Акыркы убакта аламан улак тартыш же көк бөрү оюнун ойноп, оор жаракат алгандардын саны көбөйүп жатканы байкалууда. Turmush басылмасынын кабарчылары соңку кезде бул оюндун айынан канча киши ооруканага кайрылганын билүү үчүн Ош облустук бириккен клиникалык ооруканасынын кечиктирилгис жардам берүү бөлүмүнүн башчысы Турганбек Адиевге кайрылышты.

Турганбек Адиевдин айтымында, 1 айдын ичинде көк бөрү ойногон 10го жакын адам ар кандай жаракаттарды алып, ооруканага кайрылышкан. Алардын экөө оор жаракат алса, 1 улакчы каза болгон.

«Көк бөрү ойногон 3 адам оор жаракат алып, ооруканага түшкөн. Алардын ичинде 15 жаштагы өспүрүм бала дагы бар. Ал аттан кулап, башынан катуу жаракат алган. Акырындык менен өзүнө келе баштады. Андан тышкары 38 жаштагы улакчы каза болуп калды. Ал эми бирөөсүнүн башына, бутуна операция жасалып, керектүү медициналык жардам көрсөтүлдү. Көк бөрү ойноп жатканда жеңил жаракат алып, дарыланып жаткандар дагы бар», - деди ал.

Ал эми оорукананын травматология бөлүмүнө кайрылгандардын көпчүлүгү жол кырсыгына кабылгандар.

«Бизге травматология бөлүмүнө кайрылгандардын 80 пайызы жол кырсыгына кабылгандар. Алардын көпчүлүгү 18 жаштан 35 жашка чейинкилер. Андан тышкары машыгып же көчөдө мушташып жаракат алгандар бар. Жылдын башынан бери жалпысынан 52 адам дарыланып чыгышты. Амбулатордук жардам берилгендердин саны 125 адамды түздү», - деди Т.Адиев.

Ош облустук бириккен клиникалык ооруканасынын нейрохирургиялык бөлүмүнүн башчысы Керим Кирматовдун айтымында, өткөн жылы башынан, мээсинен, омурткасынан жаракат алгандардын саны 388 адамды түзгөн.

«2018-жылы башынан жаракат алгандардын саны 346 адамга жеткен. Омуртка сөөгүнөн, жүлүнүнөн 42 адам жаракат алган. 132 жаранга түрдүү операция жасалган. Алардын ичинен 12 жаран көз жумду. Алар өтө оор абалда келишкен, колдон келген жардамды көрсөттүк. Жакында эле 38 жаштагы улакчы каза болуп калды. Анын баш сөөгү сынып, сыныктар каракуш мээсине сайылып калган экен. Тез аранын ичинде керектүү медициналык жардамды көрсөттүк, бирок алган жаракаты олуттуу болгондуктан көз жумду.

Дагы бирөөнө операция жасалган, азыр жандандыруу бөлүмүндө жатат. Анын буту сынып, башына кан толуп калган. Башына операция жасалып, акыл-эсине келгенден кийин бутуна операция жасалды. Акыркы мезгилде көк бөрүдөн жаракат алгандар көп болуп жатат», - деди Керим Кирматов.

Облустук бириккен клиникалык ооруканасынын башкы ординатору Рахим Эшматовдун айтымында, учурда травматология бөлүмүндө 40 бейтап дарыланып жатат.

«9-март күнү акыреги сынып дагы бир улакчы кайрылган. Ал аттан учуп кеткен экен. Кечээ операция жасаганбыз, бүгүн абалы жакшы», - деди ал.

Буга чейин 2018-жылдын 19-майында көк бөрү боюнча Чүй облусунун чемпионатында жаш улакчы Дастан Жакеев башынан оор жаракат алып, ооруканага жаткырылган. Кыймылдай албай калган Дастандын дарылануусуна акча керек болгондуктан Кыргызстан курамасынын улакчысы Манас Ниязов өзүнүн формасын аукционго койгон. Дастан Ысык-Ата районунун көк бөрү командасында ойночу.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×