Бөлүмдөр
Жума, 26-апрель
Ош облусуКара-Кулжа району 16.03.2019 13:40 Жаңыланды: 16.03.2019 16:44

Айыл турмушу: Кара-кулжалык Э.Сыдыков 130 тонна бал чогултуп, 3 млн сом киреше табууну көздөп жатат (сүрөт)

Turmush -  Кара-Кулжа районунун Капчыгай айыл өкмөтүндөгү Сары-Бээ айылында жайгашкан бал кооперативи бир жылда 130 тонна экологиялык таза бал өндүрөт. Аталган кооператив Кыргызстанда органикалык продукцияларды өндүрүү боюнча 3-орунга ээ болгон. Кооперативдин жетекчиси Эмилбек Сыдыков менен аймактык кабарчы маектешти.

Жетекчи кооператив 2016-жылдан бери бал өндүрүү жаатында активдүү иштеп келе жаткандыгын айтты.

«Алгач 2006-жылы «Капчыгай тоо балы» кооперативи түзүлгөн. Бирок ал жылдары жакшы киреше албай калганбыз. 2016-жылдан баштап Бириккен Улуттар Уюмунун соодага көмөк көрсөтүү долбоору менен иштешип, жакшы киреше ала баштадык», - деди ал.

Кооперативдин балчылары 2 айыл өкмөттүн ортосундагы аймакты буфердик зона кылып алышкан.

«Чалма, Ой-Тал айыл өкмөттөрүнүн ортосун буфердик аймак кылып, Украинадан таза кандуу карпат тукумундагы аарыларды алып келгенбиз. Таза кандуу эне аарыларды чыгарып, бал челектерде мурда жок болуп кеткен эне аарылардын санын толуктап жатабыз. Ошондой эле карпат тукумундагы аарылар башка балчыларга таратылат. Жылына 3,5 миң эне аары чыгарабыз», - деди Э.Сыдыков.

Анын айтымында, балчылар жаз мезгилинде чыгымга учурашат, бирок күз айларында кеткен чыгымды актап алышат.

«Жазында рамкаларды чогултабыз. Жаңы бал челек, аларга керектүү эмеректерди сатып алабыз. Бал челектердеги балдын көлөмү азайып кетсе, ордун толтурууга туура келет. Бирок күз айларында короткон чыгымдарды актап алса болот. Ар бир бал челектен 50 кг бал алууга мүмкүн. 1 бал челекке 800 сомдон сарптаганбыз. Жалпысынан соңку 10 жылдын ичинде 7300 бал челек үчүн 5 млн 840 миң сом каражат кеткен. Чыгымдарды акташ үчүн бал челектерди жаңылап, аарыларды таза жол менен дарыладык. Эми быйыл 3 млн сомго чейин киреше алабыз деген план коюп жатабыз», - деди Э.Сыдыков.

Ал бал өндүрүүнүн пайдасы тууралуу дагы айтып берди.

«Бул тармак пайдалуу. Анткени чыгым аз болот. Кирешени көбүрөөк алса болот. Бир жылда 6 ай гана иштейсиң. Андан тышкары экологиялык жактан таза болгон бал адамдардын ден соолугуна пайдалуу», - деди балчы.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×