Бөлүмдөр
Жума, 26-апрель
Ош облусуЧоң-Алай району 19.03.2019 11:12 На русском

Чоң-Алайда кызмат өтөп жатып куралы менен жоголгон Бексултан 4 жылдан бери дайынсыз (сүрөт)

Turmush -  Буга чейин Чоң-Алай районунун кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасынын аймагында жоголгон Бексултан Бааридинов бүгүнкү күнгө чейин табыла элек. Ал 2015-жылдын 23-августунда командиринин орун басарынын буйругу менен ууга кетип, кайра кайтып келген эмес.

Бексултандын апасы Майрам Бакирова 4 жылдан бери уулун издеп келет.

«Бексултан менин тун уулум болчу. 2014-жылы аскерге кызмат өтөөгө кеткен. Ал «Карамык» чек ара тозотунда кызмат өтөп жаткан. 2015-жылы кызматынын бүтөөрүнө 10 күн калганда командиринин орун басары 3 бала менен бирге кийик уулоого жөнөтөт. Менин уулум кийикти үркүтмөкчү болуп, тоого чыгып кеткен. Ошол бойдон кайтып келген эмес. Издебеген жерибиз калган жок. Ак үйдүн алдына бара берип чарчадык. Бизди уга турган адам болгон жок», - деди М.Бакирова.

Атайын даярдыктагы кызматкерлер, жергиликтүү тургундар Бексултанды тоолордон издеп, таба алышкан эмес. Жоокер куралы менен кошо жоголгондугуна байланыштуу Мамлекеттик чек ара кызматынын Ош облусундагы башкармалыгынын отрядынын курамы кызматтан бошотулуп, тозоттун курамы дагы алмаштырылган.

Майрам Бакирова Чоң-Алай районунун Кара-Тейит айылынын тургуну. Ал пенсия курагына келсе дагы пенсияга чыга албай жатканын кошумчалады.

«Менин 5 балам бар. Бизде 45 жашта пенсияга чыгарат. Менин жашым 51ге келди. 6 жылдан бери пенсияга чыга албай келем», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×