Бөлүмдөр
Шейшемби, 18-июнь
Ош облусуКара-Кулжа району 20.03.2019 09:28

Дагыбек Мамишов Кара-Гуз айыл өкмөтүнүн башчысы болду

Turmush -  Ош облусунун Кара-Кулжа районундагы Кара-Гуз айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо 19-мартта өтүп, 2 талапкер ат салышты. Бул айылдык кеңеште жалпы 21 депутат бар экенин Борбордук шайлоо комиссиясы билдирди. Анын ичинен шайлоого 18 депутат катышкан.

Талапкерлерге добуш берүүнүн жыйынтыгында Мамишов Дагыбек Алимбекович жеңишке жетишти. Ал 18 депутаттын колдоосуна ээ болгон. Ал эми экинчи талапкер бир да добуш алган жок.

Д.Мамишов расмий буйрук чыккандан киийн кызматына киришет.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×