Бөлүмдөр
Бейшемби, 18-июль
Ош облусуАраван району 20.03.2019 11:10

Аравандын Манас айылында 4,5 тонна тоют өрттөнүп кетти

Turmush -  Араван районунун Манас айылындагы короодон өрт чыкты. Бул тууралуу бүгүн, 20-мартта ӨКМден билдиришти.

Маалыматка караганда, жыгач устундуу шифер жабылган сарайдын 90 чарчы метр чатыры, жыйылган 3 тонна чөп жана 1,5 тонна жүгөрү сабагы күйгөн. Өрт балдардын от менен болгон шоктугунан улам келип чыккан.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×