Бөлүмдөр
Ишемби, 23-ноябрь
Ош облусу, Ош 21.03.2019 09:27 Кыргызча

Сүрөт — Оштогу май куюучу жайдагы ири өрттүн кесепеттери

Turmush -  Кечээ, 20-март күнү Ош шаарындагы Н.Исанов (мурдагы Петров) көчөсүндөгү турак үйдүн жанында май куюучу жайдан чыккан өрт бүгүн эртең мененки саат 08:10до толук өчүрүлдү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Кечээ кечки саат 20:15те башталган өрт 22:10до чектөөгө алынган. Өрттүн кесепетинен 3 адам жабыркап, 2 бейтап Ош облустук бириккен клиникалык ооруканага жеткирилсе, 1 жаран Ош шаардык ооруканада жатат.

Ош облустар аралык бириккен клиникалык ооруканасынын нөөмөттөгү хирургу Аятилло Умурзаковдун айтымында, саат 21:40 чамасында 2 жабырлануучу келип түшкөн. Бирөөсү 1960-жылы туулган. Бетинен 9-12-даражадагы күйүк алган. Ал эми экинчиси 1991-жылы туулган. Анын ичине жарылган цементтин калдыгы тийген. Учурда 2 бейтапка тең тийиштүү медициналык жардамдар берилүүдө.

Күбөлөрдүн айтымында, аталган жай «МАН» үлгүсүндөгү май ташуучу унаа май куюп кеткенден кийин жарылган жана ага жакын жайгашкан көп кабаттуу үйлөрдүн терезелери сынып кеткен.

Өрттү өчүрүүгө саат 20:16да №85 ӨКБдан 1 бөлүм, саат 20:18де №13 АӨКБдан 1 бөлүм, саат 20:22де №13 АӨКБдан 1 бөлүм, саат 20:28де №12 АӨКБдан 1 бөлүм, саат 20:48де №109 ӨКБдан 1 бөлүм, саат 20:28де штаб, саат 20:30да ККББдан ыкчам топ, ӨКМдин Ош шаардык башкармалыгынан ыкчам топ жана куткаруу кызматынан 4 куткаруучу, саат 20:10дө тез жардам кызматы, саат 20:22де ИИМ кызматкерлери барган. Мындан сырткары саат 21:05те ӨКМдин РӨКОдон 1 даана суу ташуучу «КамАЗ» үлгүсүндөгү унаа жана саат 21:06да №13 АӨКБдан 1 даана автошаты жана Кара-Суу райондук №102 ӨКБдан 1 бөлүм тартылган.

Өрт чыккан жерге Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов да барган.

«Мыйзамсыз иштеген май куюучу жайлар мыйзамдын негизинде каралып, талапка жооп бербегендер алынат. Шаар тургундарынан да кабар алабыз. Жардам керек болсо ар дайым даярбыз», - деди Т.Сарыбашов.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×