Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 22-июль
Ош облусуАраван району 22.03.2019 21:40 На русском

Айыл турмушу: Аравандык А.Моминов 2 күнөсканасын өзү куруп, 10 тоннага чейин түшүм алат (сүрөт, видео)

Turmush -  Араван районунун Алля Анаров айыл өкмөтүнө караштуу Маданият айылынын 53 жаштагы тургуну Абыджан Моминов күнөсканаларынан 10 тоннага чейин түшүм алат. Аны менен аймактык кабарчы таанышты.

Учурда Абыджан мырзанын 2 күнөсканасы бар.

«Өзүмө тиешелүү жер үлүшүмдүн 20 сотых жерине 2 күнөскана кургам. Ага чейин райондогу чоң күнөсканаларды салып жүргөн ишкерлерден маалымат алгам. Тобокелге барып, 2017-жылы күнөсканага помидор эгип көрдүм. Жакшы түшүм алдык. Бирок алгачкы жолу бул иш менен алектенгендиктен кыйынчылыктар, катачылыктар болбой койгон жок. Быйыл 18 сотых жер тилкесиндеги күнөсканага помидор эгип, апрель айларында базарга сатыкка чыгарууну пландап жатабыз», - деди дыйкан.

Ал күнөсканаларын курууда усталарды жалдабай, өзү салган.

«Түнкүсүн күнөскананын ичинде + 14...+16 градус температура сакталып турат. Күндүз от жагылбайт, анткени күндүн жардамы менен эле күнөскананын ичи жылуу болуп калат. Күнөскана курууга 1 млн 500 миң сомдон ашык акча сарпталган. Керектүү темирлерди өзүм ширетип, күнөскананы өз колум менен курдум. Анткени ширетүү жана техника жагында билимим бар. Былтыр апрель айынын башында помидордун 1 килограммын 130-140 сомдон сатканбыз. Быйыл дагы ошондой баада сатсак деп ниеттенип жатабыз. Былтыр 8 тонна помидор алсак, быйыл 10 тоннадан ашык түшүм алууну көздөп жатабыз», - деди А.Моминов.

Күнөсканадагы жер-жемиштерди сугарууда тамчылатып сугаруу системасы колдонулат. Ал чүн 3 миң метр суу түтүкчөлөрү орнотулган.

«Жашылча-жемиштер жай мезгилинде 2-3 күндө бир жолу, башка мезгилдерде жумасына 1 жолу сугарылат. Жерге кара топурак төгүлгөн. Жылда 25-30 кап койдун кыгын аралаштырып турабыз. 1 квадрат метр жерге 50 кг койдун кыгын кошуп туруш керек. Помидорлорду жасалма жол менен чаңдаштырып турабыз. Жылына 18 сотых жерден 400-500 миң сом киреше табабыз. Буюрса июнь айынын ортолоруна чейин помидорлорду сатып бүтүп, күнөскананын үстүн алып салып (желим клёнканы), жерди күнгө кактап күйдүрүп, кайра сентябрь айында бадыраң эгем. Ал 45 күндө бышып жетиле турган жемиш экен. Бадыраңдын түшүмүн алып бүткөндөн кийин кайра эле жерди даярдап, помидор эгебиз», - дейт дыйкан.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×