Бөлүмдөр
Жума, 26-апрель
Ош облусуКара-Кулжа району 23.03.2019 15:20 На русском

Видео — Кара-Кулжада мергенчилер кыргоолдорду сатып алышып, токойго коё беришти

Turmush -  Кара-Кулжа районунда мергенчилер 23 баш кыргоолду сатып алып, аларды токойго коё беришти. Бул тууралуу Кара-Кулжа айылдык кеңешинин депутаты Сайдалы Рустамбеков билдирди.

Маалыматка караганда, кечээ 22-март күнү Кара-Кулжа районунун Кара-Кулжа айыл аймагына караштуу Биринчи Май айылында жергиликтүү мергенчилер акча чогултушуп, ага 23 баш кыргоол сатып алышып, аларды кайра токойго коё беришти. Бул демилге Кара-Кулжа аймактык кеңеши тарабынан көтөрүлгөн. Демилгенин максаты — жаратылышты коргоо, жоголуп бара жаткан жаныбарларды сактап калуу жана алардын санын көбөйтүү болуп саналат.

Буга чейин аталган райондо мындай иштер аткарылган эмес.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×