Бөлүмдөр
Шаршемби, 24-апрель
Ош облусуКара-Кулжа району 24.03.2019 16:14 Жаңыланды: 24.03.2019 23:11 На русском

«Жолдошумдун аялы бар экен»: Ала качууга кабылган Шахризаданын тагдыры (сүрөт)

Turmush -  Ош облусунун Кара-Кулжа районунун Ылай-Талаа айыл өкмөтүндө туулган 30 жаштагы Шахризада Айтмаматова учурда Москва шаарында эмгектенип келет.

Ал Turmush басылмасынын кабарчысы менен болгон маегинде билдиргендей, жогорку окуу жайда окуп жүргөндө ала качууга кабылып, жашоосу толугу менен өзгөргөн.

«2007-жылы мектепти аяктагандан кийин журналистика тармагын тандап, жогорку окуу жайга бардым. 3-курста окуп жүргөндө бир жигит ала качып кетти. Ошондо жашоом толугу менен өзгөрдү. Ала качууга кабылган күнүмө чейинки жашоом мен үчүн жомок бойдон кала берди. Ал адам менен бирге түтүн булатып жашап кетүүгө аракет кылдым, бирок ал көпкө узаган жок. Экөөбүз бир уулдуу болдук. Балам 2 жашка толоюн деп калганда башыбызга сыноо түштү. Уулумдун бир буту жакшынакай жүрүп эле иштебей калды. Ага диагноз коюлбай, көпкө жүрдүк. Андан 3 жыл өткөндөн кийин дарыгерлер "эмдөө учурунда нервге доо кеткен" деп айтышты. Уулум ооругандан тарта үй-бүлөлүк жашообузда өзгөрүүлөр пайда боло баштады. Мен баламдын жанынан чыкпай, анын жакшы болуп кетиши үчүн аракет кылып, дарылатып жүрдүм. Атасы ооруканага күндө бир маал келип, кээде келбей калчу. Кийин "баса албаган балаңдын көзүн качанкыга чейин карайсың" деп көп айтып баштады. Мен баламды бир жактан ээрчитип келбесем, өз канынан жаралган баласын ушинтип айта бергендиктен ажырашууга аргасыз болдум. Өз атасы ушинтип айтып жатса анын эмне кереги бар деп үйдөн чыгып кеттим.

Андан бери көп убакыт өтүп, азыр уулум 10 жашка чыкты. Көпкө дарылануудан кийин өз алдынча басып калды. Аксап басса дагы бирөөнүн жардамына муктаж эмес, акыл-эси ордунда. Ошентип 7 жылдан бери уулумду өзүмдүн күчүм, ата-энемдин жардамы менен дарылатып келем. Жылына 4 жолу дарыланабыз», - дейт Шахризада.

Анын айтымында, ал уулун дарылатуу үчүн Россияга иштөөгө кетүүгө аргасыз болгон.

«Башында айтып өткөндөй ал мени ала качып кетип, баш кошконбуз. Кайра эле 2011-жылы ажыраштык. Ошентип өз алдымча жашоо башталды. Ата-энем, бир туугандарым колдоо көрсөтүштү. Уулумду ата-энеме калтырып коюп, иштөө үчүн Россиянын Красноярск шаарына бардым. Бир ай ал жерде жүрүп, туруктуу иш таба алган жокмун. Уулумду сагынып, абдан кыйналдым. Бирок иштеп, акча табуу үчүн Иркутск шаарына таежемдин колуна бардым. Ал жакта бир жумушка орношуп, суукка карабай уулумду айыктыруу, чоңойтуу үчүн иштеп жүрдүм. Билинбей арадан 1 жыл 3 ай өтүп кетти. Уулум жакшы боло баштады. Дарыгерлер бара-бара жакшы болот дешти», - дейт ал.

Ш.Айтмаматова экинчи жолу турмушка чыгып, алданып калганын айтат.

«Иркутск шаарында иштеп жүргөндө кыргыз мекендешибиз менен таанышып, мамилебиз жакшы болуп, ал менин колумду сурады. Ал учурда жакшы сөзгө, жылуу мамилеге, колдоп турчу адамга муктаж элем. Мен макул болуп, экөөбүз баш коштук. Ата-энелерибиздин батасын алдык. Ал менин ишеничиме кирип алып, кийин алдап кетти. Аны менен 4,5 ай гана жашадым. Кызым боюмда бар кезде экөөбүз эки жолго түштүк. Мен депортация болуп Кыргызстанга кеттим. Ал "артыңдан барам" деп сөз берип, Россияда калды. Ошентип мен Кыргызстанда анын апасы менен жашап жүрдүм, арадан билинбей 2 ай өттү.

Мен кайын энемден суранып, жайлоого апамдардыкына кеткем. Ал жакта 15 күн жүрдүм. Кайра келип, 11-июнда өзүмдүн туулган күнүмдө жолдошума телефон чала баштадым. Кайра-кайра чалсам дагы жооп бербей койду. Эки саат өткөндөн кийин СМС-билдирүү келди. Анда: «Мен биринчи аялымын, бизден алыс бол, сен бизге төрөп бериш үчүн эле керек болгонсуң» деп жазыптыр. Ошондо жолдошумдун аялы бар экенин билдим. Боюнда бар аялга анын жазган сөздөрү канчалык оор тиерин ал аял билген жок. Анткени ал төрөбөйт экен. Дарыгерлер ага балалуу боло албайсың дешкенин кийин билдим.

Ошентип ымыркайымды кучагыма алар күндү күтүп гана жашап кала бердим. Аны менен дагы ажыраштым, өзүнчө жашоого кеттим. Жолдошум ошол бойдон жок болду. Бирок мен сынган жокмун. Кудай мага энелик бакытты бергени үчүн ыраазы болуп, кыйынчылыктарга баш ийбей жашадым. Ата-энем, бир туугандарымдын баары колдоп отуруп, кызымды жарык дүйнөгө алып келдим.

Уулумду ушул күнгө чейин дарылатам. Эне болгондон кийин мен балдарым үчүн жооптуумун. Ошон үчүн элдин сынына, сөзүнө сынбай, чөкпөй жашаганга аракет кылам. Азыр балдарым атасы жок өсүп жатат, мен дагы жанында эмесмин. Күн сайын кызым менен телефондон сүйлөшөм. Азыр мен баламдын ден соолугу чың болсо экен деп тилейм.

Уулумдун атасы да кайрылган жок. Эки жолдошум тең Кара-Кулжадан эле. Мен аларга таарынбайм, алар өздөрүнүн күнөөлөрүн билет деп ойлойм. Мен болсо бир күнү сөзсүз бактылуу болом деп ишенем», - деди Шахризада.

Ал 10 жаштагы Даниел, 6 жаштагы Жасминдин апасы.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×