Бөлүмдөр
Жума, 26-апрель
Ош облусуАраван району 25.03.2019 09:57

Араванда 124 гектар жерди суу менен камсыздаган арыктын үстүнө мыйзамсыз мал сарай, мончо курулууда, - жашоочулар (сүрөт, видео)

Turmush -  Араван районунун Алля Анаров айыл өкмөтүнө караштуу Маданият айылынын тургундары айрым айылдаштары 124 гектар жерди суу менен камсыздаган арыктын үстүнө мыйзамсыз түрдө мал сарай, мончо куруп алышкандыгына нааразы болуп жатышат. Себеби алардан чыккан акыр-чикир жана саркынды суулар арык менен борбордук каналга агып барат. Арыктан аккан сууну ылдыйкы айылдагы тургундар дагы мал сугаруу жана башка иштер үчүн колдонушат. Бул тууралуу нааразы болгон жергиликтүү тургундар аймактык кабарчыга билдиришти.

Буга чейин алар аталган маселе боюнча тиешелүү жерлерге кайрылышкан. Айыл өкмөт тарабынан арыктын үстүнө мал сарай куруп алгандарга оозеки эскертүү берилген. Бирок жыйынтык жок.

«Айылды аралап өткөн арыктын үстүнө мыйзамсыз курулуштарды куруп алган тургундардын айынан ылдыйкы айылдын жашоочулары таза сууну пайдалана албай калышты. Анткени айрым тургундар арыктын жанына мал сарай куруп алышкан. Андан чыккан саркынды суулар арыкка агат. Мончодон аккан сууларды дагы арыкка агызып коюшат. 10 жылдан бери ушундай көйгөй менен жашап келе жатабыз. Жыл өткөн сайын жашоочулар бири-бирин көрүп, тийиштүү жерден сыртка чыгышып, арыкты чарбагынын ичинен алып өткөн жашоочулар арыктын үстүнө курулуштарды салып жатышат. Тиешелүү органдар эскертүү беришсе дагы, аларды көзгө илбей жатышат», - деди Маданият айылынын тургуну Абдыхашим Зулумов.

Жазгы талаа иштери башталып, айылдарга, талаага суу жеткирүү максатында бардык арык, каналдарды тазалоо иштери жүргөн. Каналга, арыктарга таштандыларды таштап, суу түтүктөрү аркылуу арыкка саркынды сууларын агызган жашоочулар аныкталган.

«Арыктарды тазалоо учурунда таштандыларды таштаган жашоочуларды таптык. Бизди көргөндөр эшиктерин ачпай коюшту. Кээ бир жашоочулар арыктын үстүнө тооккана курганын көрдүк. Тооктун кыгы арыкка түшкөнү даана көрүнүп, үйдүн ээсине эскертүү бердик. Ылдыйкы айылдагы жашоочулар сууну пайдаланса, түрдүү оору менен оорушу мүмкүн. Андыктан маселени тез арада чечиш керек», - деди А.Зулумов.

Андан тышкары айрым жашоочулар жер тилкелерин мыйзамсыз түрдө арыкка чейин узартып алышкан. Арыктардын учурдагы абалын Алля Анаров айыл өкмөтү билет.

«Биз бул боюнча пландарды түзүп, тиешелүү комиссияларды түзгөнбүз. Учурда 90 км арыктын 75 км аралыгы тазаланып бүттү. Ал эми Маданият айылындагы арык 150 үйдүн чарбагынын ичинен аралап өтөт. Алардын ичинен 2-3 жашоочу мыйзамсыз түрдө сарайларды салып алышкан. Аларга эскертүүлөр берилип, 15-20 күндүн ичинде талаптар аткарылбаса, мыйзам боюнча чара көрүлөт. Бул маселе март айынын аягында чечилет», - деди Алля Анаров айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×