Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 24-июнь
Ош облусу, Кара-Суу 26.03.2019 09:39

Кара-Сууда жаштар менен улуу муундун өкүлдөрү футбол мелдешине түштү (сүрөт)

Turmush -  Ош облусуна караштуу Кара-Суу шаарында жаштар жана улуу муундун өкүлдөрү арасында кичи футбол боюнча мелдеш өткөрүлдү. Бул тууралуу Кара-Суу райондук спорт комитетинин төрагасы Заирбек Эшмаматов билдирди.

Анын айтымында, мелдешке 12 команда катышты.

«Мелдеш Кара-Суу шаардык мэриясынын колдоосу менен жана Кара-Суу райондук администрациянын буйругу менен уюштурулду. Максаты — аймактарды өнүктүрүү жана санариптештирүү жылына карата спортту пропагандалоо, ден соолукту чыңдоо», - деди З.Эшмаматов.

Мелдеште жеңүүчү аталган командалар кубок жана атайын белектер менен сыйланышты.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×