Бөлүмдөр
Жума, 26-апрель
Ош облусу, Озгон 27.03.2019 11:18 На русском

Туугандардын чыры: Өзгөн шаарында 18 сотых жер сатылган эмес, ижарага берилген, - экс-мэр С.Пратов

Turmush -  Өзгөн шаарынын тургуну Лутфулло Курбанов 25-март күнү Бишкек шаарында АКИпресс маалымат агенттигинде өткөрүлгөн маалымат жыйында Өзгөн шаарындагы 18 сотых жер жана мектептин от казаны сатылып кеткендигин билдирген. Ал 2017-жылы Өзгөн шаарынын экс-мэри Саипжан Пратов 3-4 киши менен аны сабап салганын дагы айткан.

Анын айтымында, муниципалдык жерлердин сатылышына укук коргоо органдары эч кандай чара көрбөй жатышат.

Ал эми Өзгөн шаарынын экс-мэри Саипжан Пратов Л.Курбановдун айткандарын төгүндөдү.

«Мен 2016-жылы Өзгөн шаарынын мэри болуп дайындалгам. Мектептин от казаны 2009-жылы сатылып жатса, менин бул окуяга кандай тиешем бар. Ал эми 18 сотых жер сатылган эмес. Биз шаардык кеңештин депутаттары менен биргеликте жерди 5 жылга Жолчубай Имияновго ижарага бергенбиз. Ал жер таштанды баскан жер болчу. Л.Курбановдун агасы буга чейин Өзгөн Тынчтык паркында жетекчи болуп иштеген. Ага депутаттар ишенбөөчүлүк көрсөтүшүп, иштен четтетилген. Ошондон улам анын иниси Лутфилло бизге өчөшүп, интернеттен ар кандай пикирлерди таратып жатат. Айткандарынын баары жалган», - деди С.Пратов.

Ош облустук ички иштер башкармалыгынын маалыматына караганда, 2017-жылдын 13-октябрында Өзгөн шаарынын Амир Темир көчөсүнүн №42 үйүнүн жашоочусу — 1977-жылы туулган Лутфулло Курбанов Өзгөн райондук ички иштер бөлүмүнө арыз менен кайрылган. Ал ошол күнү саат 09:30 чамасында өзүнүн тууганы — 1975-жылы туулган Саипжан Пратов уруп, «Тойота Камри» үлгүсүндөгү автоунаасына отургузуп, Өзгөн районунун Рыбхоз участкасына алып барып, ал жактан М.А., М.К., Р.М. жана Д.А. менен бирге сабагандыгы тууралуу айткан. Тергөөчү өз учурунда денесине келтирилген жаракатты аныктоо боюнча жабырлануучуга соттук-медициналык экспертиза дайындаган. Бирок жабырлануучу (Л.Курбанов) белгисиз себептерден улам соттук-медициналык экспертизанын кароосуна 2017-жылдын 3-ноябрында барган.

Өзгөн райондук Соттук-медициналык экспертиза бөлүмүнүн 2017-жылдын 4-ноябрындагы №495 корутундусуна ылайык, Л.Курбанов жеңил жаракат алгандыгы аныкталып, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин (эски кодекс) 234-беренесинин 2-бөлүмүнүн 1-пунктунун негизинде (Бейбаштык, адамдардын тобу тарабынан) кылмыш иши козголгон. Бирок жабырлануучу соттук-медициналык экспертизанын корутундусуна нааразы болуп, кайрадан экспертиза дайындалган. Бул иш республикалык соттук-медициналык экспертизага чейин жетип, жеңил жаракат алгандыгы аныкталган. Бирок ал жаракатты качан алгандыгын аныктоо мүмкүн эмес экендиги айтылган.

Л.Курбанов жана анын жактоочусу А.Т.Исраилов соттук-медициналык экспертизанын корутундулары менен таанышып, алардын жыйынтыктарына макул эместигин билдиришкен. Жактоочу А.Т.Исраилов Республикалык соттук-медициналык экспертиза борборунда медицина илимдеринин доктору, профессор М.Ш.Мукашевдин катышуусунда кайрадан комиссиондук экспертиза жүргүзүү өтүнүчү менен кайрылган. Анын өтүнүчү канааттандырылып, кылмыш иши Республикалык СМЭ борборуна жиберилген.

Учурда ал борбордун корутундусу даяр боло электигине байланыштуу аталган жагдай боюнча туура юридикалык баа берүүгө мүмкүн болбой, тергөө иши убактылуу токтоп турат.

Буга чейин Turmush басылмасы Өзгөн шаарынын мэри Саипжан Пратов кызматынан кетүү жөнүндө арыз жазганын билдирген. Ага 2017-жылдын июль айында 1 сотых жерди мыйзамсыз саткандыгы боюнча кылмыш иши козголгон. Андан кийин мэрликтен убактылуу бошотулган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×