Бөлүмдөр
Жума, 26-апрель
Ош облусуНоокат району 27.03.2019 15:58

Ноокатта мергенчилер учма бутага атуу боюнча күч сынашты (видео, сүрөт)

Turmush -  Ноокат районунда мергенчилердин арасында учма бутага атуу боюнча мелдеш өтүп, Борон Матисманов «Эң мыкты мергенчи» деп табылды. Бул тууралуу Ош-Баткен аңчылар коомунун инспектору Улукбек Сейдалиев билдирди.

«Мелдешке Ош, Баткен, Жалал-Абад облустарынан келген 80ге жакын мергенчи катышты. Негизги максаты — мергенчилердин ортосундагы достук мамилени чыңдоо болуп саналат. Мелдешке 24 команда катышты. Ар бир командада үчтөн мергенчи болду. Алар учма бутаны атып түшүрүү боюнча мелдешишти. Жыйынтыгында 1-орунду Ноокат районунун "Көк-Жар" командасы алып, 12 миң сомго, 2-орунду "Кара-Кулжа-2" командасы алып, 7 миң сомго, 3-орунду Араван командасы ээлеп, 4 миң сомго, 4-орунду Ноокат районунун Зулпуев айыл өкмөтүнүн командасы алып, 3 миң сомго ээ болду», - деди У.Сейдалиев.

Мелдеш Ош-Баткен аңчылар жана балыкчылар коому тарабынан уюштурулуп, жеңүүчүлөргө акчалай сыйлыктар жана кубоктор тапшырылган. Ошону менен катар аксакал мергенчилерге дагы кызыктыруучу сыйлыктар ыйгарылып, «Эң мыкты мергенчи» наамын Борон Матисманов алды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×