Бөлүмдөр
Жума, 26-апрель
Ош облусуАлай району 27.03.2019 18:08

«Жанынан өткөндөн коркобуз»: Алайда курулушу токтоп, таштандыга толгон имарат тазаланды (сүрөт)

Turmush -  Алай районундагы таштандыга толгон бала бакчанын имараты толугу менен тазаланды, деп билдирди аймактык кабарчы.

Буга чейин Turmush басылмасы Алай районундагы Гүлчө айылынын Жээнбеков көчөсүндө жайгашкан 250 орундуу бала бакчанын имараты таштанды таштоочу жайга айланганын жазган. Жергиликтүү тургундар бул жерди айланып, башка көчө менен өтүүгө мажбур болуп жатышканын айтышкан. Алардын айтымында, кыз-келиндер ал жактан өткөндөн коркушат. Себеби ичин селсаяктар байырлап, сырты жолбун иттерге толгон. Имаратка кирип, арак ичкендер дагы бар.

Гүлчө айыл өкмөтүнүн башчысы Алтынбек Болбур уулунун айтымында, СССР мезгилинде курулуп бүтпөй калган бакчанын имараты тез эле тазаланып турат. Айрым жергиликтүү тургундар айып пул төлөнөт дегенине карабай таштанды төккөндү токтотпой жатышат.

Бала бакчанын имаратынын курулушу СССР урагандан кийин токтоп калган. Анын имараты 250 орунга ылайыкталган. Алтынбек Болбур уулунун айтымында, имаратты бузуп, кайра куруу боюнча тиешелүү органдарга кат жолдонгон.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×