Бөлүмдөр
Бейшемби, 27-июнь
Ош облусу, Ош 27.03.2019 19:17 На русском

Бир жылдын ичинде Ош шаарындагы бардык төлөмдөр санариптешет, - президенттин кеңешчиси Д.Догоев (сүрөт)

Turmush -  Бүгүн, 27-март күнү Ош шаарында аймактарды санариптештирүүгө арналган жыйын өткөнүн аймактык кабарчы билдирди. Жыйынга президенттин кеңешчиси Дастан Догоев, Ош шаарынын жана облустагы мекеме-ишканалардын башчылары, акимдер, айыл өкмөт башчылары жана жогорку окуу жайлардын ректорлору катышты.

Жыйындын жүрүшүндө Дастан Догоев жана анын командасы «Түндүк» системасы боюнча маалыматтарды берди. Анын айтымында, саламаттыкты сактоо, билим берүү мекемелери жана муниципалдык мекемелер «Түндүк» системасына кошулуп, электрондошот.

«Аймактарды өнүктүрүү жана санариптештирүү жылына карата «Санарип аймак» системасы иштелип чыгып, 453 айыл өкмөттүн жана 31 шаардык мэриянын системасында ишке ашырылышы керек. Электрондук форматта маалыматтарды сактоочу бирдиктүү жайларды куруу керек. Аны менен бирге мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин жаңы технологияларды жана жаңы ыкмаларды колдонуу жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу зарыл. Быйыл аймактарды өнүктүрүү максатында санариптик форматта төлөмдөрдү жүргүзүү жана шарттарды түзүү иштерин жасоо пландалууда. Учурда аймактарды кыдырып, изилдөө иштери жүрүп жатат. Бул долбоор 2-3 жылдын ичинде толук ишке ашат деп ишенебиз. Изилдөөлөргө таянсак, учурда 200дөн ашык айылдарга интернет жете элек», - деди Д.Догоев.

Ушул жылдын май айларында Ош шаарында «Коопсуз шаар» долбоору иштей баштайт. Ош шаардык мэриясынын экономика, каржы жана инвестиция бөлүмүнүн башчысы Талантбек Кайымов мэриядан түзүлгөн топ Грузияга барып, алардын санариптештирүү иштери менен таанышып келишкенин белгиледи.

«Учурда Ош облусунда жана шаарда паспорт берүү жеңилдеп калды. Кээ бир аныктамаларды жоюп салуу маселеси көтөрүлүп жатат»,- деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×