Бөлүмдөр
Шейшемби, 18-июнь
Ош облусуКара-Суу району 28.03.2019 09:09

Кара-суулук балбандар облустук мелдеште 10 медаль утту (сүрөт)

Turmush -  Ошто эркин күрөш боюнча мектеп окуучулары арасында өткөн облустук мелдеште кара-суулук спортчулар 3 алтын, 2 күмүш, 5 коло медаль тагынышты. Бул тууралуу Кара-Суу райондук спорт комитетинин төрагасы Заирбек Эшмаматов билдирди.

«Облустук мелдешке Кара-Суу райондук өспүрүмдөр мектебинин спортчулары катышкан. Жаш балбандар өз капчыгына 10 медаль чогултушту», - деди ал.

Жеңүүчү аталган Кара-Суу районунун спортчулары:

- Фирдавси Надамжанов — 3-орун (26 кг)

- Камронбек Акбаржанов — 3-орун (29 кг)

- Фирдавси Абдунабиев — 3-орун (35 кг)

- Абдулкуддус Кобилжанов — 1-орун (38 кг)

- Сигбатулин Умарбек — 1-орун (41 кг)

- Камбаров Сирожидин — 2-орун (41 кг)

- Абдумалик Инамов — 2-орун (51 кг)

- Рашодбек Надамжанов — 1-орун (60 кг)

- Бакиев Абдуманон — 3-орун (60 кг)

- Палванов Мухаммадзаир — 2-орун (71 кг).

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×