Бөлүмдөр
Шейшемби, 18-июнь
Ош облусу, Ош 29.03.2019 12:05

Ошто жаш шахматчылар күч сынашып, жеңүүчү команда эл аралык турнирге жолдомо алды (сүрөт)

Turmush -  Ош шаарында жаш шахматчылар күч сынашып, жеңүүчүлөр эл аралык мелдешке жолдомо алышты. Бул тууралуу Ош облустук балдардын чыгармачылык борборунун эстетика бөлүмүнүн жетекчиси Дилярам Нуралиева билдирди.

Анын айтымында, 10 жаштан 14 жашка чейинки жаш шахматчылар арасында өткөн мелдешке 7 райондон 8 команда келип катышкан.

«Ар бир команда 4 оюнчудан жана 1 жетекчиден түзүлгөн. Мелдештин жыйынтыгында 1-орунду Ноокат районунан келген команда алды. Алар Ысык-Көл облусунда өтүүчү эл аралык турнирге жолдомо алышты. Өткөн жылы дагы Ноокат районунун командасы облустук мелдеште 1-орунду алып, эл аралык турнирге катышып, 3-орунга ээ болушкан. 2-орунду Кара-Суу районунан келген команда алса, 3-орунду Өзгөн районунун командасы ээледи. Алар дипломдор менен сыйланды», - деди Д.Нуралиева.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×