Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 24-июнь
Ош облусу, Ош 29.03.2019 14:16

Ошто Кыргызстан элинин ассамблеясынын 25 жылдыгына карата конференция өттү (сүрөт)

Turmush -  Бүгүн, 29-март күнү Ош шаарында Кыргызстан элинин ассамблеясынын 25 жылдыгына карата «Кыргыз жараны жарандык интеграцияны өнүктүрүү — элдин биримдигинин негизи» аталышындагы конференция өттү. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Ассамблеянын Ош облусу боюнча төрагасы Балтагул Нурунбетов ар бир эл өз маданиятын сактап калуу үчүн маданий уюмдарга колдоо көрсөтүү керек экенин айтты.

«СССР мезгилинде ар улутка бөлүнбөй, бир союздабыз деп жашаганбыз. СССР тарап кеткен соң, ар улуттун өкүлдөрү өз өлкөсүнө көчүп кете баштады. Анткени ар бир улут өз маданиятын, тилин сактап калуу максатын көздөдү. 1993-жылы ар улуттан түзүлгөн 11 коомдук уюмдун кайрылуусу менен курултай өткөрүлүп, анын негизинде 1994-жылы Кыргызстан элинин ассамблеясы түзүлгөн. Бүгүнкү күндө Ош облусунда 13 улуттук маданий борбор бар. Алар кандай гана иш-чара болбосун өз маданиятын көрсөтүп келишет. Маданий борбордун жетекчилерине бир тыйын айлык берилбейт, өз аракеттери менен каада-салтын жайылтып келишет», - деди Балтагул Нурунбетов.

Аталган конференцияга Ош шаарынын вице-мэри Нурбек Кадыров, Ош облусунун казысы Самидин кары Атабаев дагы катышты. Иш-чарага ар улуттун өкүлдөрү өздөрүнүн улуттук кийимдерин кийип келишти.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×