Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 17-июнь
Ош облусуКара-Кулжа району 29.03.2019 15:16 На русском

Кара-Кулжанын Ой-Тал айылында 10 млн сомго спорт зал курулууда (сүрөт)

Turmush -  Кара-Кулжа районунун Чалма айыл аймагына караштуу Ой-Тал айылындагы Мамыт Абакиров орто мектебинде спорт зал курулууда. Аталган спорт залдын сметалык баасы 10 млн сомду түзөт. Бул тууралуу Кара-Кулжа райондук билим берүү бөлүмүнөн билдиришти.

Курулушка Ой-Тал айылынын тургуну негизги демөөрчү болуп, учурда курулуш иштери кызуу жүрүүдө. Андан сырткары жергиликтүүлөр 500 миң сом акча каражатын чогултуп беришкен. Спорт зал заман талабына ылайык кийинүүчү жана жуунучу жайы менен кошо курулат.

Буга чейин аталган айылда спорт зал болгон эмес.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×