Бөлүмдөр
Бейшемби, 27-июнь
Ош облусу, Ош 30.03.2019 16:33

Ошто грек-рим күрөшү боюнча эл аралык мелдеш өтүүдө. Сүрөт

Turmush -  Ош шаарында грек-рим күрөшү боюнча II эл аралык мелдеш башталды. Аталган мелдеш маркум спортчу Улан Жороевдин жаркын элесине арналып уюштурулган. Бул тууралуу мелдештин уюштуруучусу Мухамед Өмүрзаков билдирди.

Анын айтымында, мелдешке Өзбекстан, Тажикстан жана Кыргызстандын бардык облус, шаар-райондорунан жалпы 542 катышуучу келди.

«Бул мелдештин негизги максаты — кошуна мамлекеттер менен ынтымакты бекемдөө жана спорт сүйүүчүлөрдүн санын күбөйтүү, аларды спортко кызыктыруу. Мелдеш 2018-жылы да өткөрүлгөн. Маркум спортчу Улан Жороевдин жаркын элесине арнап өткөрүп жатабыз. Азыр жалпы 3 мамлекеттен келишти. Өзбекстан, Тажикстандан, Кыргызстандын бардык облустарынан, район-шаарларынан отуздан ашык команда келген. 27 кг салмак категориясынан 71 кг салмак категориясына чейинки спортчулар күч сынашууда. Биз быйыл акчалай сыйлыктарды койгонбуз. Буюрса мелдеш аяктап жеңүүчүлөр аныкталса, байгелерин өз ээлерине тапшырабыз», - деди Мухамед Өмүрзаков.

Маркум Жороевдин атасы А.Жороев үй-бүлөсү менен көрүүчү катары келген. Анын айтымында, Уландын артында туяк болуп бир кызы калган.

«Уулум кичине кезинен спортко кызыккан бала эле. 8 жашынан грек-рим күрөшүнө катышып, жакшы ийгиликтерге жетишкен. 2018-жылдагы мелдеш достору тарабынан уюштурулган. Быйыл да баламдын элесине арнап уюштурушту. Тирүү болгондо быйыл 32 жашка толмок. 2010-жылы күтүүсүз келген кырсыктан улам каза болуп калды. Өмүрү кыска экен. Уланым тирүү болгондо көптөгөн ийгиликтерге жетмек эле. Анын артында 10 жаштагы (учурда 10 жашта) кызы калды. Баламды эстеп, ушундай мелдеш уюштурушкан досторуна ыраазымын. Бул мелдешке колдон келген жардамымды көрсөтүп келем. Өзүм Ички иштер министрлигинин ардагеримин. Учурда ардактуу эс алуудамын», - деди Абыд Жороев.

Улан Жороев 1987-жылы Ош шаарында туулуп өскөн. Ал бала кезинен спортко кызыгып, 8 жашынан баштап грек-рим күрөшү менен машыгып баштаган. Анын достору Улан өтө ак көңүл, боорукер, мээнеткеч, тырышчаак жигит болгонун айтышты.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×