Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 22-июль
Ош облусуЧоң-Алай району 01.04.2019 12:05

Чоң-Алайдын жашоочулары Тажикстан менен чектеш жайыттарга чек ара макамын берүүнү суранууда

Turmush -  29-март күнү Ош облусунун Чоң-Алай районунда өткөн элдик жыйында жергиликтүү тургундар өкмөттөн Тажикстан менен чектешкен жайыт, жайлоолорго чек ара макамын алып берүүнү талап кылышты. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Алар жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнөн Тажикстанга тиешелүү, бирок Кыргызстан пайдаланып келе жаткан жайлоо, жайыттарга чек ара макамын алып берүү талабын өкмөткө жеткирүүнү өтүнүшкөн.

«Кыргызстан мурдатан эле пайдаланып келген жайлоо, жайыттар 1926-жылдагы карта боюнча Тажикстанга карайт экен. Ал жакта биздин короо, коргондор бар. Бул маселени Жогорку Кеңеш тез арада карап, жерди мыйзамдуу түрдө Кыргызстанга өткөрүп бербесе, жолду жабууга даярбыз», - деди жыйынга катышкан Бекмамат Маширапов.

Ал эми Чоң-Алай районунун акиминин биринчи орун басары Исмаил Тагаевдин айтымында, чогулушта чек ара макамын алуу боюнча талап эмес, сунуш гана берилди.

«Бул маселеден эч кандай чыр чыгаруунун кереги жок. 1924-жылдагы карта боюнча сөз болуп жаткан жайыттар Тажикстанга карайт. Бирок алар (Тажикстан) ал жерлерди пайдаланганга мүмкүнчүлүктөрү жок, ошондуктан Кыргызстан пайдаланып келген», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×