Бөлүмдөр
Шаршемби, 26-июнь
Ош облусуКара-Суу району 01.04.2019 14:04

Кара-Сууда өткөн грэпплинг боюнча мелдештин жеңүүчүлөрү аныкталды (сүрөт)

Turmush -  Ош облусунун Кара-Суу районунда Кыргызстандын түштүк аймагы боюнча өткөн грэпплинг боюнча мелдеш жыйынтыкталды. Бул тууралуу Кара-Суу райондук спорт комитетинин төрагасы Заирбек Эшмаматов аймактык кабарчыга билдирди.

Анын айтымында, мелдешке жалпысынан 200 спортчу катышкан.

«Мелдешке Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын спортчулары жана Өзбекстандан келген 6 спортчу катышты. Алар алты салмак категориясында күч сынашты. Жеңүүчүлөр республикалык мелдешке жолдомо алышты жана диплом, медалдар менен сыйланышты», - деди З.Эшмаматов.

Мелдештин жеңүүчүлөрү:

- 66 кг салмакта: 1-орун — Т.Сатибалдиев, 2-орун — Б.Тагаев, 3-орун — М.Ураимов;

- 77 кг салмакта: 1-орун — П.Урматбек уулу, 2-орун — М.Алманбетов;

- 88 кг салмакта: 1-орун — Н.Ирисбай уулу, 2-орун — Р.Таиров, 3-орун — Б.Топчубаев;

- 99 кг салмакта: 1-орун — Н.Ирисбай уулу, 2-орун — А.Байсалов, 3-орун — Ө.Сыдыков;

- 99 кг салмактан жогору: 1-орун — У.Нуров, 2-орун — Б.Назиров, 3-орун — Ш.Рацпов.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×