Бөлүмдөр
Жума, 26-апрель
Ош облусуАраван району 02.04.2019 09:39 На русском

Аравандагы жашоочулар арыктарга бетон төшөп, көпүрө курушту (сүрөт)

Turmush -  Араван районунун Алля Анаров айыл өкмөтүнө караштуу Араван айылында жазгы талаа иштери башталып, айылдарга жана эгин талааларына сугат суу жеткирүү милдети турат. Ага карата Араван айылынан Маданият айылына чейинки узундугу 500 метр болгон арык толугу менен оңдолуп, бетондолду. Бул тууралуу Араван айылынын башчысы Салохидин Инабидинов аймактык кабарчыга билдирди.

Анын айтымында, Алля Анаров айыл өкмөтүндө жазгы талаа иштери кызуу жүрүп, пахта, жүгөрү жана башка дан эгиндер эгилип жатат. Учурда Пахта-Абад жер тилкесинде 30 гектар жер аянтына пахта айдалды. Эрте жазда эгилген картошкаларды сугаруу пландалып жатат. Май айынын ортосунда картошкалар базарга сатыкка чыгат. Андан тышкары Ош-3000 көчөсүндөгү арыктын 120 метр аралыгына бетон төшөлдү. Ага айыл өкмөт тарабынан 20 тонна цемент берилип, жергиликтүү тургундар шагыл төктүрүп, ашар жолу менен арыктар бетондолгон. Каналдан өтүү үчүн чакан көпүрө дагы курулган. Бетон төшөө иштерине 100 миң сомдон ашуун каражат сарпталган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×