Бөлүмдөр
Шейшемби, 18-июнь
Ош облусу, Ош 02.04.2019 10:08

Ошто 100 таэквондочунун катышуусунда мелдеш өттү (сүрөт, видео)

Turmush -  31-март күнү таэквондонун ITF түрү боюнча Ош шаарынын биринчилиги өттү. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Ош шаарында өткөн мелдешке 5 жаштан 13 жашка чейинки 100 жаш спортчу катышкан. Уюштуруучулардын айтымында, алар 5-6, 7-8, 9-11, 12-13 жаштар категориясында күч сынашты.

Мелдештин жеңүүчүлөрү Ош шаардык дене тарбия жана спорт комитети тарабынан диплом, медаль жана баалуу белектер менен сыйланышты.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×