Бөлүмдөр
Шаршемби, 26-июнь
Ош облусуАлай району 02.04.2019 13:00 На русском

Алымкул Исаков Алай музыкалык драма театрынын жетекчиси болду (өмүр баяны)

Turmush -  Ош облусунун Алай районундагы Т.Ажибаев атындагы Алай музыкалык драма театрынын жетекчиси болуп Алымкул Исаков дайындалды. Бул тууралуу маалыматты А.Исаков өзү тастыктады.

Ал Маданият, маалымат жана туризм министрлиги тарабынан ротация жолу менен дайындалган. Аны эмгек жамаатка маданият министринин орун басары Кайрат Иманалиев өзү тааныштырды.

Буга чейин А.Исаков Ош облустук куурчак театрын жетектеп келген. Ал эми Алай музыкалык драма театрын Жалилбек Жусупов жетектеген. Ал учурда Ош облустук куурчак театрынын жетекчиси болуп дайындалды.

Алымкул Исаковдун өмүр баяны:

- 1977-жылы Ташкенттеги А.Н.Островский атындагы мамлекеттик театралдык институтунда билим алып баштаган;

- 1979-жылы Алматадагы мамлекеттик театралдык институтка которулуп, аны 1981-жылы бүтүргөн;

- 1981-жылы Ош улуттук драма театрында актер болуп иштеп баштаган;

- 2005-жылы — аталган театрда режиссер;

- 2013-жылы Н.Шамырзаев атындагы Ош облустук куурчак театрына жетекчи болуп дайындалган;

С.Ибраимов атындагы Ош улуттук драма театрында режиссер болуп дагы эмгектенген. 30 жылдын ичинде 90го жакын спектаклдерде башкы жана негизги ролдорду ойногон. «Кууш жолдо» кинотасмасына тартылган. 2017-жылы Лондондогу искусство фестивалында жазуучу У.Шекспирдин «Ричард III» спектаклинде королдун ролун ойноп, эркектер арасындагы «Мыкты роль» номинациясын жеңген. 2018-жылы Ч.Айтматовдун 90 жылдык мааракесине карата Англиянын парламентинде «Саманчынын жолу» чыгармасындагы Субанкулдун ролун чагылдырган.

Сыйлыктары:

2005-жылы «КРнын эмгек сиңирген артисти» наамы менен сыйланган. Эл аралык Муратбек Рыскулов атындагы жана Советбек Жумадылов атындагы сыйлыктын лауреаты.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×