Бөлүмдөр
Жума, 26-апрель
Ош облусуЧоң-Алай району 03.04.2019 11:15

Чоң-Алайдын Жар-Башы айылындагы үйлөрдү, сарайларды, жолду суу каптады

Turmush -  Кечээ, 2-апрелде Чоң-Алай районунун Жар-Башы айылындагы 2 үйдүн жер төлөсүн, 3 мал сарайды жана 1 ички чарбалык унаа жолду суу каптады. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Маалыматка караганда, кырсык саат 16:30 чамасында болгон. Аба ырайынын жылыганына байланыштуу тоо этектериндеги кар ээрип, кокту-колоттон келген суулар көбөйгөн. Суу үйлөргө зыян келтирген эмес.

Тазалоо иштерине 14 куткаруучу, РИИБден 1 бригада, жергиликтүү тургундардан 30 адам жана айыл аймактан 1 жүктөгүч тартылган. Алардын жардамында айыл аймактан бөлүнгөн 200 даана капка шагыл толтурулуп, аккан суулардын нугу тосулуп, унаа жол тазаланды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×