Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 17-июнь
Ош облусуКара-Кулжа району 03.04.2019 12:17 На русском

Кара-Кулжанын тургуну атасынын ашын өткөрүүнүн ордуна жол оңдоду

Turmush -  Ош облусунун Кара-Кулжа районунун тургуну Эмилбек Сатыбалдиев маркум атасынын ашын өткөрүүнүн ордуна өзү жашаган айылдын 700 метр жолуна шагыл төктүрүп берди. Бул тууралуу аймактык кабарчыга Кара-Кочкор айыл өкмөтүнөн билдиришти.

Кара-Кочкор айыл өкмөтүнүн Кара-Кочкор айылынын 35 жаштагы тургуну Эмилбек Сатыбалдиев ыксыз чыгымдарды жоюу максатында (үчүлүк, бейшембилик, жетилик, кыркылык, маркумга эстелик тургузуу, сөөк кайтармай, челпек жасоо, сандык ачууга кеткен каражаттарды азайтуу) маркумду акыркы сапарга узатууда жана ага аш берүүдө союлган малдын санын 2 койдон ашырбоого чакырды. Ал жакында эле атасына аш берүүнүн ордуна өзүнүн айылындагы Санатория көчөсүнүн 700 метр жерине шагыл төктүрүп берген.

Мындан кийин дагы аталган айылдын тургундары ушундай иштерди улантууну көздөп жатышкандыгын айыл өкмөттөн билдиришти.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×