Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 22-июль
Ош облусуАраван району 03.04.2019 16:36

Ош—Араван унаа жолунда камыштар өрттөнүп, 49 түп дарак күйүп кеткен (сүрөт)

Turmush -  Ош—Араван унаа жолунун четиндеги камыштар өрттөнүп, анын кесепетинен 49 дарак күйүп кеткен. Бул тууралуу Мамэкотехинспекциянын Араван жана Ноокат райондору боюнча региондор аралык башкармалыгынын инспектору Алмазбек Нурмаматов билдирди.

Анын айтымында, өрт 33,5 миң сом чыгым келтирген.

«22-март күнү Араван районунун Алля Анаров айыл өкмөтүнүн аймагында Араван—Ош трассасынын жээгиндеги камыштар белгисиз жарандар тарабынан өрттөлгөндүгү тууралуу маалымат келип түшкөн. Өрттүн кесепетинен жолдун боюндагы дарактар дагы зыянга учураган. Бул факты боюнча Мамэкотехинспекциянын Араван жана Ноокат райондору боюнча региондор аралык башкармалыгынын инспекторлору Алля Анаров айыл өкмөтүнүн кызматкерлери менен биргеликте иш жүргүзүп, 49 түп дарак өрттөнгөндүгүн аныкташкан. Чогултулган материалдар укуктук баа берүү үчүн Араван райондук прокуратурасына өткөрүлүп берилди», - деди А.Нурмаматов.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×