Бөлүмдөр
Жума, 26-апрель
Ош облусуӨзгөн району 03.04.2019 18:41 На русском

Өзгөндөгү турак үйдөн автомат табылды (сүрөт)

Turmush -  Бүгүн, 3-апрель күнү Өзгөн районунун Куршаб айылындагы турак үйлөрдүн биринен «АКС» үлгүсүндөгү ок атуучу курал табылды. Бул тууралуу Ош облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

2-апрель күнү Ош ОИИБдин Криминалдык милиция кызматына Ош облусунун Өзгөн районунун тургуну кайрылып, жергиликтүү жашоочу турак үйүндө эч кандай документи жок, мыйзамсыз сайлуу ок атуучу курал сактап жүргөндүгүн билдирген.

Бул факты ошол эле күнү Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 253-беренесинин 2-бөлүмүнүн негизинде (Мыйзамсыз ок атуучу куралды айландыруу) Ош ОИИБ тарабынан Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган. Тергөөнүн алкагында мыйзамсыз курал сактап жүргөн жаран Өзгөн районунун Куршаб айылынын 1976-жылы туулган тургуну М.Р.А. экендиги аныкталган.

Сотко чейинки өндүрүш иши башталып, 3-апрель күнү М.Р.А.нын турак үйүндө жана короосунда жайгашкан бардык чарба курулуштарында тинтүү жүргүзүлгөн. Кызматтык иттердин жардамы менен үйдүн отунканасынан кызыл-жашыл түстөгү килемге оролгон кара түстөгү «АКС» үлгүсүндөгү автомат табылып алынган.

Ош ОИИБ тарабынан ок атуучу куралга соттук-баллистикалык экспертиза дайындалып, тергөө иштери уланууда.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×