Бөлүмдөр
Шаршемби, 26-июнь
Ош облусуНоокат району 04.04.2019 10:07

Ноокатта жазуучу, драматург Мырза Гапаровду эскеришти (сүрөт)

Turmush -  Кечээ, 3-апрель күнү Сулайман-Тоо улуттук тарыхый археологиялык музейинин Ноокаттагы филиалында драматург, жазуучу Мырза Гапаровдун эскерүү кечеси өттү. Бул тууралуу аталган музейдин жетекчиси Калиман Эсенбай кызы аймактык кабарчыга билдирди.

«Мырза Гапаров быйыл март айында 83 жашка толмок. Иш-чарага өзү туулуп өскөн Нойгут айылынын тургундары, туугандары, замандаштары катышып. Ноокат районунан чыккан акын, жазуучулар Камбаралы Бобулов, Камчы Жунусовдун ысымын алып жүргөн мектептин окуучулары концерттик программа даярдашты. Өзүнүн музейи Мырза Гапаров мектебинде жайгашкандыктан биздин музейде анын сүрөтү ардак тактада гана илинген. Эскерүү кечесин 22-мартта өткөрөлү деп жатканда жубайы ооруп калып, өтпөй калган», - деди Калиман Эсенбай кызы.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×