Бөлүмдөр
Жума, 26-апрель
Ош облусуКара-Суу району 04.04.2019 10:28

Кара-Сууда жөө жүргүнчүнү унаасы менен сүзүп, издөөдө жүргөн айдоочу кармалды

Turmush -  Кара-Суу районунда жөө жүргүнчүнү унаа менен сүзүп, өзү качып кеткен айдоочу кармалды. Бул тууралуу Ош облусу боюнча жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнөн билдиришти.

29-март күнү Кара-Суу районунун Мачак айылында Ош шаарын айланып өтүүчү унаа жолдун 14-чакырымында жөө жүргүнчүнү унаасы менен сүзүп, өзү качып кеткен айдоочу издөөгө алынган. Ал кечээ 3-апрель күнү өзүнүн «Опель Вектра» үлгүсүндөгү унаасы менен Ош облусу боюнча ЖКККБнын кызматкерлери тарабынан кармалды. Айдоочу Кара-Суу районунун 52 жаштагы тургуну Ч.З. экендиги аныкталган. Аталган факты боюнча Кара-Суу РИИБдин тергөө кызматы тарабынан тийиштүү экспертизалар дайындалып, айдоочу убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Ал эми анын унаасы айып короого токтотулду. Кылмыш иши сотко чейинки өндүрүшкө алынып, тергөө иштери жүргүзүлүүдө.

Окуя тууралуу:

Жол кырсыгы 29-март күнү саат 20:00 чамасында болгон. Кырсыктан жаракат алган Кара-Суу районунун 1958-жылы туулган тургуну А.А. Ош облустук бириккен клиникалык ооруканасынын жандандыруу бөлүмүнө жеткирилген. Бирок ал өзүнө келбей каза болгон. Окуя болгон жерден качып кеткен айдоочу издөөгө алынган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×