Бөлүмдөр
Жума, 26-апрель
Ош облусуАраван району 04.04.2019 11:27

Араванда пахта эгиле баштады (сүрөт)

Turmush -  Араван районунда пахта эгиле башталды. Бул тууралуу өкмөттүн Ош облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы билдирди.

Өкмөттүн Ош облустук өкүлчүлүгүнүн айыл чарба жана экология секторунун башчысы Райымберди Мөнөкбаевдин айтымында, быйыл облус боюнча болжол менен 12 миң гектар жерге пахта эгилет.

«Пахтага болгон суроо-талап жогору. Ошондуктан быйыл Ош облусунда көбүрөөк пахта эгилет. Өткөн жылы 10 миң 485 гектар жерге пахта эгилсе, быйыл 11 миң 785 гектар жерге эгилет. Андан тышкары жүгөрү, арпа көп эгилүүдө», - деди Р. Мөнөкбаев.

Бүгүн, 4-апрель күнү өкмөттүн Ош облусундагы өкүлү Узарбек Жылкыбаев Араван районунун Төө-Моюн айыл өкмөтүнүн тургундары менен жолукту. Жолугушууда картошканын 20 күндөн кийин сатыкка чыгары белгилүү болду.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×