Бөлүмдөр
Жума, 26-апрель
Ош облусуНоокат району 04.04.2019 15:33

Ноокатта мыйзамсыз аңчылык кылып, балык уулагандарга рейд жүрдү (сүрөт)

Turmush -  Ноокат районунун Найман айыл өкмөтүнө караштуу Найман суу сактагычынын аймагында аңчылык кылып, мыйзамсыз балык уулаган айрым жарандарга эскертүү берилди. Бул тууралуу Мамлекеттик экотехинспекциянын Араван жана Ноокат райондору боюнча региондор аралык башкармалыгынан билдиришти.

Аталган башкармалык мыйзамсыз аңчылык кылып жана балык уулагандарга каршы рейд өткөрүп, анын жүрүшүндө мыйзамсыз балык уулап жүргөн 5 жаран кармалган. Текшерүү учурунда алардын эч кандай балык кармабагандыгы аныкталып, аларга балык уулоонун жоболору түшүндүрүлдү.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×