Бөлүмдөр
Жума, 26-апрель
Ош облусуКара-Суу району 05.04.2019 08:24 На русском

Кара-Сууда жөө жүргүнчүнү өлтүрө сүзүп, өзү качып кеткен айдоочу кармалды (сүрөт)

Turmush -  Кара-Суу районунда 61 жаштагы жаранды унаасы менен сүзүп, өзү качып кеткен айдоочу кармалды. Бул тууралуу Ош ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, 29-март күнү Кара-Суу РИИБдин нѳѳмөт бөлүмүнө Жаңы-Маданият айылында унаа кырсыктан улам белгисиз жаран каза болгондугу тууралуу маалымат келип түшкөн.

Аталган билдирүү боюнча окуя болгон жерге Кара-Суу РИИБдин ыкчам-тергөө тобу барган. 29-март күнү саат 21:00 чамасында Кара-Суу районунун Шарк айыл аймагына караштуу Жаңы-Маданият айылында белгисиз айдоочу өзүнүн автоунаасы менен жөө жүргүнчү — Жаңы-Маданият айылынын 1958-жылы туулган А.А. аттуу тургунун сүзүп, окуя болгон жерден качып кеткендигин аныкташкан. Бул факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, соттук-медициналык жана соттук-автотехникалык экспертизалар дайындалган.

Кылмыш иштин бетин ачуу максатында Кара-Суу РИИБдин криминалдык милиция кызматкерлери тарабынан ыкчам издөө иш-чаралары жүргүзүлүп, анын натыйжасында 3-апрель күнү кылмышка шектүү делип Кара-Суу районунун Катта-Талдык айылынын 1967-жылы туулган тургуну Ч.З. кармалган.

Кылмышка шектүү тергөө кызматына тапшырылып, КРнын Жазык-кодексинин 297-беренесинин (Автомототранспорт каражаттарынын кыймылынын жана аларды эксплуатациялоонун коопсуздук эрежелерин бузуу) жана 151-беренесинин (жардам көрсөтпөй коюу) негизинде сотко чейинки өндүрүшкө алынып, тергөө амалдары жүрүп жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×