Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 22-июль
Ош облусуЧоң-Алай району 05.04.2019 09:58 На русском

Чоң-Алайда 4,7 млн сомго курулган бала бакча ачылды (сүрөт)

Turmush -  Чоң-Алай районунун Чон-Алай айыл өкмөтүнө караштуу Кызыл-туу айылында 50 орундуу бала бакча ачылды. Бул тууралуу Чон-Алай айыл өкмөтүнүн башчысы Тайырбек Жайчибеков аймактык кабарчыга билдирди.

«Буга чейин Кызыл-Туу айылында бала бакча болгон эмес. 50 орундуу бала бакчанын курулушу 2018-жылы башталган жана кечээ, 4-апрель күнү ачылышы болду. Ал айылдык фондко жардам ирээтинде түшкөн акчанын негизинде 4 млн 700 миң сомго курулду. 17 киши жумуш менен камсыз болду», - деди Т.Жайчибеков.

Кызыл-Туу айылында 1500 түтүн жашайт. Аталган бала бакчаны кошкондо Чоң-Алай айыл өкмөтүндө 10 бала бакча бар.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×