Бөлүмдөр
Бейшемби, 18-июль
Ош облусуӨзгөн району 05.04.2019 11:30 Жаңыланды: 05.04.2019 18:33

«Оодарылып кеткен унаада калып, бутумдан ажырадым»: Ооруну иш менен жеңген Айгүлдүн тагдыры (сүрөт)

Turmush -  Ош облусунун Өзгөн районунун Кызыл-Тоо айылынын 38 жаштагы тургуну Айгүл Миталипова мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын кызыкчылыгын колдоо максатында фонд түптөп, өзү сыяктуу адамдарга жардам берип келет. Аймактык кабарчы аны менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, ал студент кезинде жол кырсыкка кабылып, ден соолугунан катуу жабыркаган.

«1999-жылы ОшМУнун медициналык факультетинде дарылоо бөлүмүндө бюджеттик негизде билим алып жаткам. 2000-жылы август айында каникул учурунда талаа иштерине жардам берүү үчүн айылга бардым. Ошондо жүк ташуучу унаа менен жол кырсыкка кабылдым. Катуу ылдамдыкта келе жаткан унаанын тормозу иштебей калып, айылдын башындагы каналга урунуп, унаанын дөңгөлөктөрү асманды карап калган. Мен тормоз, газ жайгашкан боштукка кирип кетип тирүү калгам. Жанымда айдоочудан тышкары бир тууган байкем жана таякемдин баласы бар болчу. Алар жабыркаган жок, мен бел омурткамдан жаракат алып, ооруканага түштүм.

Катуу жаракат алгандыктан операция болуп, 4 ай кыймылсыз төшөктө жаттым. Андан кийин акырындык менен отуруп, балдак менен басып баштадым. Бирок 2008-жылга чейин оң бутумдун согончогундагы жаракаттын айынан катуу ооруп жүрдүм. Ошол жылы травматолог дарыгерлер оң бутумду кесип салышты. 2009-жылы протез (жасалма бут) жасатып, аны кийгенден кийин бир таяк менен басууну үйрөндүм. Ооруканада көп дарылангандан кийин бутума туруп, азыр бирөөнүн жардамысыз басып жүрөм», - дейт ал.

Ал 1-топтогу майыптыгына карабай фонд түптөп, мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга жардам берип келет.

«Мен сыяктуу адамдар сөссүз депрессия болот. Мындай абалдан чыгуу үчүн кээде кол өнөрчүлүк менен алектенип, курак курайм, сайма саям. Азыр ден соолугум кудайга шүгүр, бир аз басканда эле кыйынчылык болбосо, жан кейиткен оору деле жок. Кышында бош отуруп калганда кол өнөрчүлүктүн жаңы түрүн үйрөнөм. Быйылкы кышта бисер, шурулардан кыз-келиндерге ылайыктуу азем-белектерди жасаганды үйрөндүм.

Мындан тышкары, мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын кызыкчылыгын колдоо максатындагы «Чынар» коомдук фондун түптөп, бул багытта ар кандай иштерди жүргүзүп келем. Биздин фондго мүчө болгон кыздар мектептен билим алышкан эмес. Алар үчүн ар кандай уюмдар менен биргеликте тренингдерди, майрамдарда оюн-зоок программаларды уюштуруп келебиз. Бул фондду ачканга чейин «Биз биргебиз - Ош» кайрымдуулук фондунда директор болуп иштегем.

2018-жылдын 3-декабрында майыптар күнүнө карата чоң программа менен Өзгөн шаарында концерт койдук, ага жалаң майып кыз-жигиттер катышты. Өзгөн районунун акимиаты, билим берүү бөлүмү жакшы колдоо көрсөтүштү. Мен бул ишти баштагандан бери көптөгөн адамдар менен байланышып, майып балдары бар адамдардын айрымдары өз балдарына жасаган мамилесине, үй-бүлөдөгү терс көз караштарына күбө болуп, жүрөгүм ооруду. Өз үй-бүлөсүндө орду жок жаштар, коомдо кантип өзүн табышат деп абдан кейидим», - деди ал.

А.Миталипова спорт менен дагы активдүү машыгып келет.

«3-апрелде Ысык-Көл облусунун Каракол шаарында өткөн кол күрөш боюнча республикалык чемпионатка катыштым. Мени Абдыкапар Бобулов машыктырат. Негизи спорт менен машыгуу адамды эрктүүлүккө дагы тарбиялайт экен. Ошондуктан спортко дагы көңүл буруу кажет.

Менин максатым — фонддун ишмердүүлүгүн өркүндөтүү. Майып жаштардын инклюзивдүү билим алуусуна, спорт менен машыгуусуна, өз укуктарын билүүсүнө, алардын коомго аралашуусуна жардам көрсөтүү. Өзүм сыяктуу майыптыгы бар адамдарга стимул болуу, мотивация берүү. Коомчулуктун майыптыгы бар инсандарга болгон көз карашын өзгөртүү — бул биздин фонддун башкы максаты», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×