Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 24-июнь
Ош облусуЧоң-Алай району 05.04.2019 16:55

Чоң-Алайда кол өнөрчүлүктү жайылтып жатышат (сүрөт)

Turmush -  Чоң-Алай районунда таар согуу, кийиз жасоо өнөрлөрүн жайылтуу иштери жүргүзүлүп жатат. Бул тууралуу Ош облустук балдардын чыгармачылык борборунун көркөм кол өнөрчүлүк бөлүмүнүн башчысы Батма Исакова билдирди.

Анын айтымында, кол өнөрчүлүктү жайылтуу максатында райондук балдар чыгармачылык борборунун мугалимдери өз тажрыйбаларын башкалар менен бөлүшүп жатышат. Ал үчүн облустагы бардык балдар чыгармачылык борборлорунун мугалимдери Чоң-Алай районуна чогулушуп, тажрыйба алмашуу боюнча иш-чара уюштурулган.

«Чоң-Алайда райондук балдар чыгармачылык борборунун мугалимдери Ош облусунун бардык райондорунан келген мугалимдер менен таар согуу, кийиз менен иштөө боюнча өздөрүнүн тажрыйбалары менен бөлүшүштү. Чоң-Алайда кол өнөрчүлүктүн кийиз менен иштөө түрү жакшы өнүккөн», - деди Б.Исакова.

Андан тышкары, иш-чаранын алкагында «Туристтерге кантип жардам берүүгө болот?» деген темада мастер-класс уюштурулган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×