Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 22-июль
Ош облусуАлай району 06.04.2019 14:05

Алайда Апрель элдик революциясынын 9 жылдыгы белгиленди (сүрөт)

Turmush -  Алай районунда Апрель элдик революциясынын 9 жылдыгына карата салтанаттуу иш-чара өттү. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Иш-чарага Алай районунун акими Замирбек Молдокулов дагы катышып, сөз сүйлөдү. Апрель элдик революциясынын катышуучуларынын райондогу координатору Айтпай Жээналиев Алайда ыңкылаптын 31 баатыры, 223 катышуучусу бар экенин айтты.

Салтанаттуу иш-чарага «Оштогу Апрель революциясы» коомдук кыймылынын төрагасы Абдыкайым Кангелдиев, анын биринчи орун басары Кадырова Жамила, революциянын баатыры Таалай Зикиров апрель окуяларынын күбөлөрү катышты.

Алай районунун акими Апрель элдик революциянын айрым катышуучуларына ардак грамоталарды тапшырды. Салтанаттын катышуучуларына райондун өнөрпоздору тарабынан концерттик программа уюштурулган. Иш-чара сый тамак менен жыйынтыкталды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×