Бөлүмдөр
Жума, 26-апрель
Ош облусуКара-Суу району 07.04.2019 16:13 На русском

Сүрөт — Кара-Суу районунун мыкты мугалими 30 миң сом менен сыйланды

Turmush -  6-апрель күнү Кара-Суу райондук билим берүү бөлүмү тарабынан «Жылдын мыкты мугалими-2019» кароо-сынагынын райондук туру өткөрүлдү. Бул тууралуу аталган бөлүмдөн аймактык кабарчыга билдиришти.

Сынакка райондун 17 айыл аймагында 1-орунду ээлеген мугалимдер катышкан. Анын жыйынтыгында Д.Султанов атындагы жатак мектеп-интернатынын англис тили мугалими Машрапова Айнура 1-орунду ээледи жана ага 30 миң сом акчалай сыйлык тапшырылды. Ошондой эле райондук билим берүү бөлүмү жана райондук билим берүү кызматкерлеринин профсоюз комитети тарабынан баалуу белектер ыйгарылды. 2-орунду №3 орто мектебинин англис тили мугалими Нурланбек уулу Кубаныч алса, 3-орунду Кызыл-Сарай орто мектебинин тарых мугалими Досуева Нуртажы ээледи.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×