Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 22-июль
Ош облусуАлай району 07.04.2019 22:12

Сүрөт – Алайда Бүткүл дүйнөлүк ден соолук күнү белгиленди

Turmush -  Кечээ, 6-апрель күнү Алай районунда Бүткүл дүйнөлүк ден соолук күнү жогорку деңгээлде белгиленди, деп билдирди аймактык кабарчы.

Бул күнү райондун акими Замирбек Молдокулов дене тарбия жана спорт кызматкерлерин куттуктады. Дүйнөлүк ден соолук күнүнө карата уюштурулган майрамдык иш-чараны Отунчиев атындагы орто мектептин окуучулары ачты. Андан кийин райондогу мекеме-ишканалардын жетекчилери жана кызматкерлери арасында аркан тартыш, эстафета сыяктуу мелдештер өткөрүлдү.

Мелдештин жеңүүчүлөрү атайын белектер менен сыйланышты.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×