Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 17-июнь
Ош облусу, Кара-Суу 07.04.2019 23:48 На русском

Сүрөт – Кара-Сууда дарыгерлер жеңил атлетика жана кол күрөш боюнча күч сынашты

Turmush -  Кечээ, 6-апрель күнү Кара-Суу шаарынын борбордук «Манас» стадионунда дарыгерлер арасында спорттук мелдештер өттү. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Мелдеште үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун кызматкерлери жеңил атлетика жана кол күрөш боюнча күч сынашты. 40 жашка чейинки дарыгерлер 3 км аралыкка чуркаса, 60 жашка чейинки дарыгерлер 1 км аралыкка чуркашты. Ошондой эле медайымдар 100 метр, 1 км аралыкка чуркашты. Ага улай эле кол күрөш боюнча мелдештер уюштурулду. Мелдештин жеңүүчүлөрү жана активдүү катышуучулары ардак грамота менен сыйланышты.


Райондук спорт комитетинин төрагасы Зайырбек Эшмаматовдун айтымында, мелдештер Бүткүл дүйнөлүк ден соолук жана спорт күнүнө, ошондой эле аймактарды өнүктүрүү жана санариптештирүү жылына карата уюштурулган. Анын максаты – калкты сергек жашоого үндөө, спортту пропагандалоо болуп саналат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×