Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 22-июль
Ош облусуӨзгөн району 08.04.2019 16:03 На русском

Өзгөндүн айрым тургундары үйүндө автомат табылган кишинин мыйзамсыз камакта жатканын айтып чыгышты (сүрөт)

Turmush -  Өзгөн районунда мыйзамсыз курал сактап жүргөн Куршаб айылынын тургуну Р.М. Ош шаардык соту тарабынан 1 айга №25 тергөө абагына камакка алынды. Бул тууралуу аталган жарандын жакындары бүгүн, 8-апрелде АКИпресс-Ошто өткөн маалымат жыйында билдиришти.

Үйүнөн курал табылган жарандын жубайы Айнура Толбаева анын жолдошу сот тарабынан мыйзамсыз камалганын айтып жатат.

«3-апрель күнү эртең мененки саат 8:30да короодо жумуш кылып жүргөм. Ал убакта жолдошум бейкапар эле уктап жаткан. Бир убакта милиция кызматкерлери келди. Жолдошум аларга уруксат бергенден кийин, алар короону текшерип башташты. Бир маалда жолдошумдун мени чакырган үнүн угуп калдым. Барсам, килемде автомат туруптур. Ошондо эле жолдошумду кармап алып кетишкен. Эртеси облустук ички иштер башкармалыгына бардык. Ал жакта бирөө ачык эле менин жолдошумду түрмөдө чиритерин, бул ишти аягына жеткирээрин айтты. Кийин соттун чечими бирөөнүн чалуусунан кийин өзгөрүп кеткендигин уктук. Мыйзам боюнча жолдошум эки күн кармалып, чыгыш керек болчу», - деди А.Толбаева.

Убактылуу кармоочу жайда жаткан Р.М.нын иниси Данияр Мамытовдун айтымында, автомат бирөөлөр тарабынан отунканага катылган.

«Бул иштин чоо-жайы 5 жыл мурун башталган. Агамды прокуратуранын мурдагы кызматкерине каршы көрсөтмө берүүнү суранышкан. Бирок агам сотто болгонун болгондой айткан экен. Ошондон улам агама кек сактап жүрүшүптүр. Автоматты отунканада, отундардын түбүнө катып коюшуптур. Ал жакта инилерим ар дайым отун жарышчу. Анан кантип эле ошол жерден автомат чыгып калат?», - деди Мамытов.

Аталган жарандын атасы Айтибай Мамытов дагы баласын акташ үчүн колдон келген аракетин көрөрүн айтты.

Р.М.нын жактоочусу Валерьян Вахитов айыпталуучу жаңы мыйзам боюнча камалбаш керек экенин билдирди.

«Жаңы мыйзамдар боюнча "мыйзамсыз курал сактаган жаран 2,5 жылдан 5 жылга чейин соттолот" деп турат. Бирок кайсы убакта камалыш керек деген жери дагы бар. Ал боюнча Кыргызстанда жашабаса, өздүгү белгилүү эмес болсо, мурун үй камагынан качып кеткен болсо камалыш керек. Соттор эмнеге мыйзамды аткарбай жатышат?», - деди ал.

Ош облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Жеңишбек Ашырбаев аталган жарандын короосунда автомат кимдир бирөө тарабынан катылбаганын билдирди.

«Бул иш уюштурулган эмес. Ал жарандын үйүн тинтүүдөн мурда маалымат келип түшкөн. Андан кийин эки кызматтык ит менен тинтүү жасашкан. Эгер милиция кызматкерлери атайын уюштурса, итти эмнеге алып барышты? Анан милиция кызматкерлери автоматты отундардын түбүнө катыш үчүн аларды жылдырыш керек болчу. Бул жерде килемге оролгон автомат табылып жатат. Шектүү жаран буга чейин бир канча кылмыш жасаптыр», - деди Ж.Ашырбаев.

Ош шаардык сотунун токтомунда: «Ош облустук прокуратура бөлүмүнүн прокурору А.Абжалиевдин өтүнмөсү жарым-жартылай канааттандырылсын. Шектүү Р.М.нын кармалгандыгы мыйзамдуу жана негиздүү деп табылсын. Шектүү Р.М.га карата бөгөт коюу чарасынын камакка алуу түрү бир айлык мөөнөткө, тактап айтканда 2019-жылдын 3-майына саат 19:40ка чейин колдонулсун жана Ош шаардык №25 тергөө абагында камакта кармалсын. Токтом жарыяланган күндөн тартып 5 сутканын ичинде Ош облустук сотуна апелляциялык тартипте даттанууга мүмкүн», - деп айтылат.

Окуя тууралуу:

Turmush басылмасы 3-апрель күнү Өзгөн районунун Куршаб айылындагы турак үйлөрдүн биринен «АКС» үлгүсүндөгү ок атуучу курал табылганын жазган.

2-апрель күнү Ош ОИИБдин Криминалдык милиция кызматына Ош облусунун Өзгөн районунун тургуну кайрылып, жергиликтүү жашоочулардын бири турак үйүндө эч кандай документи жок, мыйзамсыз сайлуу ок атуучу курал сактап жүргөндүгүн билдирген.

Бул факты ошол эле күнү Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 253-беренесинин 2-бөлүмүнүн негизинде (Мыйзамсыз ок атуучу куралды айландыруу) Ош ОИИБ тарабынан Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган. Тергөөнүн алкагында мыйзамсыз курал сактап жүргөн жаран Өзгөн районунун Куршаб айылынын 1976-жылы туулган тургуну М.Р.А. экендиги аныкталган.

Сотко чейинки өндүрүш иши башталып, 3-апрель күнү М.Р.А.нын турак үйүндө жана короосунда жайгашкан бардык чарба курулуштарында тинтүү жүргүзүлгөн. Кызматтык иттердин жардамы менен үйдүн отунканасынан кызыл-жашыл түстөгү килемге оролгон кара түстөгү «АКС» үлгүсүндөгү автомат табылып алынган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×